Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-майы № 95
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жана 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо, тиркемеге ылайык дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүү графиги, тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары М.И.Аргынбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-майындагы № 95 токтомуна тиркеме |
№ | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы | Шайлоону өткөрүү датасы жана убактысы |
Ош шаары | ||
1 | Ош шаары | 2016-жылдын 25-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
Ысык-Көл облусу | ||
2 | Балыкчы шаары | 2016-жылдын 25-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
Чүй облусу | ||
3 | Токмок шаары | 2016-жылдын 25-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
Жалал-Абад облусу | ||
4 | Майлуу-Суу шаары | 2016-жылдын 25-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
Ош облусу | ||
Өзгөн району | ||
5 | Кызыл-Октябрь | 2016-жылдын 25-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
Нарын облусу | ||
Нарын району | ||
кайра шайлоо | ||
6 | Орток | 2016-жылдын 20-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |