Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 30-марты № 100-б
Ала-Арча суусунун өрөөнүндө жашаган калкка сел коркунучу, тоодогу көлдөрдүн жырылып кетүүсү жөнүндө жана табигый коркунучтуу процесстердин башка түрлөрүнүн болушу тууралуу өз убагында алдын ала кабарлоо максатында, ошондой эле "Адыгене" көл-гляциологиялык станциясын кармоо үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ала-Арча суусунун өрөөнүндөгү коркунучтуу экзогенндик геологиялык процесстерди иликтөө жана алардын өөрчүүсүн божомолдоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн, ошондой эле "Адыгене" көл-гляциологиялык станциясын кармоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине 2010-2014-жылдар үчүн максаттуу арналыштагы 6921,0 миң (алты миллион тогуз жүз жыйырма бир миң) сомду, анын ичинде 2010-жыл үчүн 2,0 млн. (эки миллион) сомду, 2011-жыл үчүн 1,5 млн. (бир миллион беш жүз миң) сомду, 2012-жыл үчүн 1,5 млн. (бир миллион беш жүз миң) сомду, 2013-жыл үчүн 1,0 млн. (бир миллион) сомду, 2014-жыл үчүн 921,0 (тогуз жүз жыйырма бир миң) сомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтому менен түзүлгөн атайын эсептин каражаттарынан аталган иш-чараларды өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасына ылайык бөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги:
- Ала-Арча суусунун өрөөнүндөгү коркунучтуу экзогенндик геологиялык процесстерди иликтөө жана алардын өөрчүүсүн божомолдоо боюнча иштерди уюштурсун, ошондой эле тоодогу көлдөрдүн жырылып кетүүсүн алдын алуу боюнча иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирдикте өткөрсүн;
- алынган каражаттарды арналышы боюнча пайдалануу тууралуу отчетту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине квартал сайын берип турсун.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|