Редакцияот 13.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2016-жылдын 13-апрелиндеги

№ 82 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жөнүндө ЖОБО

 

1. "Жергиликтүү кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү (мындан ары - күбөлүк) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын (мындан ары - жергиликтүү кеңештин депутаты) инсандыгын жана ыйгарым укуктарын ырастоочу негизги документ болуп эсептелет.

2. Жергиликтүү кеңештин депутатына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары-Борбордук шайлоо комиссиясы) төрагасынын колтамгасы коюлган күбөлүк берилет.

3. Жергиликтүү кеңештин депутатына күбөлүк берүү, күбөлүктөрдү эсепке алуу жана берүү журналына кол койдуруп алуу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.

4. Жергиликтүү кеңештин депутаты күбөлүктүн сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Күбөлүктү жоготуп жиберген учурда жергиликтүү кеңештин депутаты Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын ысымына жаңы күбөлүк берүү жөнүндө арыз берип, анда жоготуп жиберүүнүн себебин керсетет.

5. Күбөлүктү керектен чыгарып алган учурда мурда берилген күбөлүк кайтарылып берилген шартта жаңысы менен алмаштырылат.

6. Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин күбөлүк жараксыз деп эсептелинет.

7. Жергиликтүү кеңештин депутаты каза болгон учурда күбөлүк анын үй-бүлө мүчөлөрүндө калат.