Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-апрели № 82
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын күбөлүгү жана төш белгиси тууралуу жоболорду бекитүү жөнүндө
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51, 62-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жөнүндө Жобо бекитилсин (№ 1 тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын шаардык жана айылдык кеңешинин депутатынын күбөлүгүнүн үлгүсүнүн Сыпаттамасы бекитилсин (№ 2, 3 тиркеме).
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгиси жөнүндө Жобо бекитилсин (№ 4 тиркеме).
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгисинин үлгүсүнүн Сыпаттамасы бекитилсин (№ 5 тиркеме).
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 16-мартындагы "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайлооңу өткөрүү боюнча документтердин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" № 49 токтомунун № 1, 2, 3, 4 тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын коңтролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Шайымкулова |
| № 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 82 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын шаардык кеңешинин депутатынын күбөлүгү (мындан ары - күбөлүк) өлчөмү 90x60 мм кочкул кызыл түстөгү булгаары тыштуу китепче болот.
2. Күбөлүктүн тышынын бет жагына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин графикалык сүрөтү жана анын алдына эки сапка алтын түстүү фольгадан баш тамгалар менен "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ " деген жазуу түшүрүлөт.
3. Күбөлүктүн ички чаптамасынын сол жаккы жээгине "Кыргыз Республикасы" деген жазуу, анын астына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин графикалык сүрөтүнүн диаметри 20 мм., анын астына эки саптагы жазуу - шаардык кеңештин толук аталышы, анын астына - күбөлүктүн жароо мөөнөтү, күбөлүктүн ички чаптамасынын оң жагына герб тартылган деңгээлде баш кийимсиз бет маңдайынан тартылып, жалтырак фотокагазга чыгарылган күбөлүк ээсинин 30x40 мм өлчөмүндөгү түстүү фотосүрөтү.
Фотосүрөткө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мамлекеттик герб тартылган тегерек мөөрү басылат.
4. Күбөлүктүн ички чаптамасынын оң жээгине бир тилкеде туурасы 3 мм болгон кооздолгон тасма, анын оң жагынын астында "№_КҮБӨЛҮК" деген жазуу, анын астында орто жагында жазуу түрүндө фамилиясы, фамилиясынын астында аты жана атасынын аты жайгаштырылып, аты жана атасынын атынын астында эки сапта «депутат» жана шаардык кеңештин толук аталышы мамлекеттик тилде, ал эми оң жагынын астында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын фамилиясы, аты жана атасынын аты жайгаштырылат.
Төмөнкү сол жагына "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы", ал эми күбөлүктүн ички чаптамасынын оң жагынын ортосуна Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин элемента - «түндүк» чагылдырылып, фону болуп саналат.
Күбөлүктүн ички чаптамалары кызгыл-сары түстөгү кагазда, тор тартылган өзүнчө бланкада даярдалат.
| № 3-тиркеме Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 82 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү (мындан ары-күбөлүк) 100x65 мм өлчөмүндөгү карточка түрүндө болот.
2. Күбөлүктүн бет жана арт жагындагы баардык жазуулар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде жазылат:
-жогорку бөлүктүн ортосунда номери "№_" көрсөтүлүп, " КҮБӨЛҮК" деген жазуу баш тамгалар менен жайгаштырылат;
- төмөн жагында бир саптан кийин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын фамилиясы баш тамгалары менен, аты, атасынын аты жайгаштырылат;
- төмөн жагында бир саптан кийин "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаты" (айылдык кеңештин толук аталышы) деген жазуу жайгаштырылат;
-төмөн жагында бир саптан кийин күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү көрсөтүлөт;
-күбөлүктүн төмөңкү сол бурчунда майда арип менен: "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы" деген жазуу жайгаштырылат;
- күбөлүктүн сол жагында күбөлүктүн ээсинин 30x40 мм өлчөмүндөгү, кызыл түстөгү фоңдо баш кийимсиз түз карап түшкөн түстүү фотосүрөтү жайгаштырылат. Фотосүрөткө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мамлекеттик герб тартылган тегерек мөөрү басылат;
- төмөңкү оң бурчунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын аты-жөнү жана фамилиясы баш тамгалар менен көрсөтүлөт.
3. Күбөлүктүн арт жагына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы логотиби жана "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРYY БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ" деген жазуу баш тамгалар менен жайгаштырылат.
| № 5-тиркеме Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 82 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгиси (мындан ары - төш белги) - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин габариттик өлчөмүн 27x16 мм, желектин таякчасын 5 мм түзгөн стилдештирилген сүрөтүн чагылдырат.
2. Төш белги негизинен калындыгы 1,5 мм болгон жезден жасалып, «алтын» менен жалатылат.
3. Төш белгинин контуру тегизделип жана сүрүлгөндөн кийин жука алтын менен жалатылат. Төш белгинин алдыңкы бети максималдуу чагылып турушу үчүн кызыл түстөгү жука акриль эмалы менен капталат.
4. Төш белгинин баардык үстүңкү бети көркөмдүктү, көлөмдү жана жалтырооңу берген оптикалык компаунд менен жабылат. Төш белгинин ортосунда мамлекеттик желектин элемента - «түндүк» чагылдырылат. Төш белгинин төмөнкү белугунде толкун түрүндө «ШААРДЫК КЕЦЕШ», «АЙЫЛДЫК КЕЦЕШ» деген тиешелуу сездер жайгаштырылат. Кундун нурун, түндүкту жана тиешелуу жазууларды чагылдыруу «алтын» жалатуу ыкмасы менен аткарылат.
5. Төш белгинин арткы бетинде чечилип кегууден сактоочу болоттоң жасалган тигинен теенегуч жайгашкан, ал "муздак ширетуу" ыкмасы менен төш белгинин негизине бекитилет.