Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 2-апрели № 107-б
Кыргыз Республикасындагы малдын жана үй канаттуулардын саны жөнүндө туура маалыматтарды алуу максатында:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын бардык категориядагы чарбаларында малга жана үй канаттууларына санак жүргүзүү боюнча методологиялык көрсөтмө бекитилсин.
2. Менчиктин бардык түрүндөгү айыл чарба ишканаларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери бул Методологиялык көрсөтмөнү практикалык ишинде пайдаланышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине төмөнкүлөр сунушталсын:
- менчиктин бардык формасындагы айыл чарба ишканаларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана мамлекеттик статистиканын аймактык органдарын бул Методологиялык көрсөтмө менен камсыздоо;
- малды жана үй канаттууларын эсепке алуу материалдарын чогултуу, иштеп чыгуу жана жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2011-жылдын 20-февралына карата тапшыруу.
4. Бул буйрук кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жүктөлсүн (макулдашуу боюнча).
Премьер-министр | Д.Усөнов
|