Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 107-б буйругу менен бекитилген
|
1. Жалпы жоболор
2. Юридикалык жактардын чарбаларында малды жана үй канаттууларын эсепке алуунун тартиби
3. Калктын жеке көмөкчү чарбаларындагы, дыйкан (фермер) чарбалардагы жана айыл жеринде айыл чарбалык иш жүргүзүшкөн жеке ишкерлердеги малды жана үй канаттууларын эсепке алуу тартиби
4. Жарандардын жеке көмөкчү чарбаларындагы, дыйкан (фермер) чарбалардагы жана айыл чарбалык ишин жүргүзүшүп, шаарларда жана шаар тибиндеги поселоктордо жашаган жеке ишкерлердин чарбаларындагы малды каттоо тартиби
5. Кайтарылчу объекттердеги жана жабык аймактардагы жана малды жана үй канаттууларды эсепке алуу тартиби
6. Мамлекеттик статистиканын облустук жана шаардык башкармалары, райондук жана шаардык бөлүмдөрү тарабынан малды жана үй канаттууларын эсепке алуу материалдарын иштеп чыгуу жана текшерүү
7. "Айыл жеринде малды жана үй канаттууларды эсепке алуу боюнча түтүндөрдүн тизмеси" № 3 форманы (малдын эсеби), жана "Шаар жеринде малды жана үй канаттууларды эсепке алуу боюнча тизме" № 4 форманы толтуруу боюнча көрсөтмө
Кыргыз Республикасындагы мал чарбачылыктын өнүгүшүн талдоо жана изилдөө, ошондой эле өндүрүштүн көлөмүн: эттин - малдын жана канаттуулардын түрлөрү боюнча, сүттүн - уйдун, эчкинин жана бээнин сүтү, тооктун жана үй канаттуунун башка түрлөрүнүн жумурткасы, койдун, эчкинин жүнү, эчкинин тыбыты жана мал чарбачылыктын башка продуктулары боюнча өндүрүштүн көлөмүн аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтын негизги булагы мал менен канаттуунун саны болуп эсептелет.
Малды жана үй канаттууларын эсепке алуунун башкы максаты жана милдети болуп, Кыргыз Республикасындагы бардык категориялардагы чарбаларда мал менен канаттуулардын канча экени, курамы жана структуралык өзгөрүлүшү жөнүндө так жана анык маалыматты алуу эсептелет.
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-мартындагы № 40 "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамы;
- Статистикалык иштердин программасы.
- "Экономикалык иштин түрлөрү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик классификатору (ЭИТК);
- "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бөлүнүшүнүн объектилерин жана аймактык бирдиктерин белгилөө тутуму" мамлекеттик классификатору (ААБОТ);
- Продукциянын (товарлардын жана тейлөөлөрдүн) мамлекеттик статистикалык классификатору (ПМСК).
1.4.1. Мал менен үй канаттууларынын саны - бул бир катар белгилер боюнча (чарбада пайдалануу багыты, түрү, жашы, жынысы, өндүрүштүк-экономикалык багыты) мүнөздөөчү көрсөткүчтөрдүн тутуму, физикалык бирдик (баш) менен эсепке алынат.
1.4.2. Төмөнкү түрлөрү эсепке алынат:
- жынысы жана жашы боюнча топторго бөлүштүрүлгөн ири мүйүздүү мал (топоздорду кошкондо);
- кой, эчки, чочко, жылкы, төө, коен (ургаачы мал бөлүнүп көрсөтүлөт);
- түрлөрү боюнча үй канаттуулар;
- эшек, териси баалуу айбандар, аары-бал челектери.
Мындан башка, үйдө багылуучу ит жана мышыктар эсепке алынат.
1.4.3. Мал жана үй канаттуулар бардык юридикалык жак болгон чарбаларда, токой чарбачылыктын ишканаларында жана уюмдарында, окуу жайлардын, балдар лагерлеринин жана санаторийлеринин, эс алуу үйлөрүнүн, диний уюмдардын, мектеп-интернаттардын, майыптар үйлөрүнүн, балдар жана карылар үйлөрүнүн, укук-коргоо жана коргоо органдарынын көмөкчү чарбаларында, дыйкан (фермер) чарбаларда жана жеке ишкерлердин чарбаларында, калктын жеке көмөкчү чарбаларында эсепке алынат. Ошондой эле обочолонгон курулмаларда (кыштоолордо, кашарларда, темир жол жана автомобиль разъезддеринде, токойчунун үйлөрүндө, дача участокторунун коргоо кызматтарында, суу жана башка коргоо объектилериндеги) мал менен канаттуулар эсепке алынат.
1.4.4. Малды жана үй канаттууларын эсепке алуу учурунда мамлекеттик статистика органдары малдын жана үй канаттууларынын санын төмөнкү документтердин негизинде аныктайт:
а) юридикалык жактардын чарбаларында, ишканалардын жана уюмдардын көмөкчү чарбаларында - "Мал чарба абалы жөнүндө отчет" № 24 форманын маалыматтары боюнча;
б) айыл жериндеги калктын жеке көмөкчү чарбаларында, дыйкан (фермер) чарбаларда, ошондой эле айыл жерлеринде жашаган жана айыл чарба ишин жүргүзүшкөн жеке ишкерлерде - айыл өкмөттөрүнүн маалыматтары боюнча - № 6, 9-с формалар;
в) дача участоктордо, эс алуу үйлөрүндө, пансионаттарда, кашарларда, чабан үйлөрүндө жана башка обочолонгон курулмаларда - № 3 форма боюнча текши саноонун негизинде;
г) калктын жеке көмөкчү чарбаларында, дыйкан (фермер) чарбаларда жана айыл чарба ишин жүргүзүп, шаарларда, шаарчаларда жашаган жеке ишкерлерде - № 4 форма боюнча кварталдык комитеттердин жана жергиликтүү аймактык башкаруу органдарынын отчетторунун маалыматтарынын негизинде.
2.1. Юридикалык жактардын чарбаларында малды жана үй канаттууларын эсепке алууга даярдык көрүү декабрь айында башталат.
2.2. Юридикалык жактардын чарбаларына тийиштүү бардык мал коомдук мал короолорунда, башка чарбаларда, өстүрүү үчүн убактылуу калктын чарбаларында же кыштоолордо, жайлоодо, жумушчу күчү катары колдонууда ж.б. жерлерде болгонуна карабастан "Мал чарбанын абалы жөнүндө" № 24 форма боюнча отчетто көрсөтүлөт.
2.3. Жылдын аягына карата № 24 форма боюнча отчет малды жана үй канаттууларын натуралай түрдө саноо жолу менен текшерилген бухгалтердик маалыматтардын жана инвентаризациялоонун маалыматтарынын негизинде, ошондой эле, жыл аяктаганга чейин кайра эсептөө жүргүзүлгөндөн кийинки учурдан тартып малдын кирешеси жана чыгашасы жөнүндө документтердин негизинде 2 нускада түзүлөт, анын бир нускасы 12-январга чейин мамлекеттик статистиканын райондук бөлүмүнүн жетекчисине тапшырылат, экинчи нускасы чарбада калат.
2.4. Малды эсепке алуу учурунда, жеке адамга (чабанга же башка адамдарга) тийиштүү, бирок жалпы отордо багылган малдын бар же жок экендигин аныктоо керек. Мындай мал бар болсо, чарбанын администрациясы, коомдук үйүрдөгү малдын ээлеринин тизмесин айыл өкмөтүнө тапшырышы керек, бул тизмеде малдын түрү, жыныстык-курактык топтор боюнча саны тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт. Бул мал ээсинин жашаган жериндеги калктуу конуштагы малдын эсебине жазылат.
2.5. Эгерде юридикалык жактын чарбасы жаш малды калктын чарбасына же дыйкан (фермер) чарбасына өстүрүү (семиртүү) үчүн бергени аныкталса, анда эки жолу эсепке алууну болтурбоо максатында, малды өстүрүү үчүн алган адамдын аты-жөнүн жана дарегин билүү керек.
3.1. Чарбалардын категориялары боюнча малды жана үй канаттуулардын саны жөнүндө маалыматтарды алуу максатында төмөнкүлөр эске алынышы керек:
- эки же андан көп дыйкан (фермер) чарба бириккен учурда, "дыйкан (фермер) чарбалар" категориясы боюнча эсепке уставдын (келишимдин) негизинде жалпы менчикке берилген же анын мүчөлөрү чогулткан каражатка алынган мал алынат;
- жеке короосунда багылып, дыйкан (фермер) чарбанын жеке менчиги болгон мал "жарандардын жеке көмөкчү чарбалары" категориясы боюнча эсепке алынат;
- бир үй чарбадан турган дыйкан (фермер) чарбадагы же жеке ишкердин чарбасындагы мал жана үй канаттуулар "дыйкан (фермер) чарбалары" категориясы боюнча эсепке алынат;
- айыл чарба менен алектенбеген жеке ишкерлердин малы жана үй канаттуулары "калктын жеке көмөкчү чарбалары" категориясы боюнча эсепке алынат.
3.2. Калктын жеке көмөкчү чарбаларындагы, дыйкан (фермер) чарбалардагы жана жеке ишкерлердеги мүйүздүү бодо малды (топозду кошо), кой, эчки, чочко, жылкы, төө, коен, эшек, териси баалуу айбандар, аары-бал челектерди жана үй канаттууларды, мындан башка үйдө багылуучу ит жана мышыктарды эсепке алуу 1-декабрдан 30-декабрга чейин айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.
3.3. Айыл өкмөтүнүн секретары же малды эсепке алуу үчүн жооптуу кызматкер мамлекеттик статистиканын райондук бөлүмүнүн жетекчисинен 24-ноябрдан кечиктирбестен № 3, 6, 9-с формалардын бланктарын алат.
3.4. Калктын жеке көмөкчү чарбаларындагы, дыйкан (фермер) чарбалардагы, жеке ишкерлердин чарбаларындагы малдын жана үй канаттуулардын саны жөнүндө маалымат № 3 форма боюнча тизмеге малдын ээсинин аты-жөнү көрсөтүлбөй, үй чарбаларды (түтүндөрдү) текши кыдыруунун негизинде, ээсинен же үй-бүлө мүчөлөрүнөн суроо менен жазылат. Малдын саны жөнүндө маалыматтын аныктыгын тактоо максатында кошуналарга сурап-билүү жүргүзүлсө болот.
3.5. Айыл жеринде малды жана үй канаттууларын эсепке алууда малы жок үй чарбалар да, малы бар үй чарбалар да санакка алынат. Санак жүргүзүшкөн адамдар өзүнө тапшырылган участоктогу бүт түтүндөрдү кыдырып чыгышы керек, мында коңшу участоктун (калктуу конуштун) аймактык чек арасындагы түтүндөр калып калбашына өзгөчө көңүл буруу керек.
Малды санакка алып жүргөн адамдар төмөнкүгө өзгөчө көңүл бурушу керек: малы жана үй канаттуулары жок үй чарба 3 формага жазылып, бүт сап боюнча мындай үй чарбага "Малы жок" деген белги коюлат, бул 9-с форманы толтуруу үчүн керек.
3.6. № 3 форма боюнча түтүндөрдүн тизмеси ар бир калктуу конуш боюнча өзүнчө, аталыштары көрсөтүлүп жазылат. Мында өзүнчө эки № 3 форма толтурулат:
- жарандардын жеке көмөкчү чарбалары боюнча;
- дыйкан (фермер) чарбалар жана жеке ишкерлердин чарбалары боюнча.
Жыйынтыгы чарбалардын ар бир категориясы боюнча чарбалардын тизмесинин акыркы сабынын астына чыгарылат.
3.7. Эгер үй чарбада ошол айылдык округдун аймагында жашабаган адамга тийиштүү мал болгон учурда, андай мал жөнүндө маалымат малдын турган жери боюнча № 3 форма боюнча түтүндөрдүн тизмесине жазылат.
3.8. Эгер үй чарбада юридикалык жактын чарбасы менен түзүлгөн келишим боюнча бордоо үчүн алынган мал болсо, андай малдын саны жөнүндө маалымат № 3 формага жазылбайт, анткени бул мал кайсы чарбанын балансында турса, ошол чарбада эсепке алынат.
3.9. Обочо турган объекттердеги (алыскы бийик тоолуу жайлоолордогу, кашарлардагы, курулмалардагы, № стандардагы ж.б.), ошондой эле коллективдик бакчалардагы жана огороддордогу (дачалардагы) малды жана канаттууларды, ошондой эле үйдө багылган ит менен мышыктарды айылдык комиссия № 3 форма боюнча эсепке алат. Обочо турган объекттер боюнча малды эсепке алуунун жыйынтыгы № 3 форма боюнча айыл өкмөтүнө тапшырылат.
Эки жолу эсепке алууну болтурбоо үчүн комиссия обочо турган объекттердеги мал өз ээсинин туруктуу жашаган жери боюнча түзүлүүчү № 3 формага киргизилбегенин аныктоого тийиш.
3.10. Үй чарбаларды эки жолу эсепке алууну болтурбоо максатында, мал санак бүткөндөн кийин № 3 формадагы толтурулган саптардын санын "малы жок" деген белгиси бар саптар менен кошо эсептөө керек (обочо турган объекттер боюнча ф. № 3 формадан башкаларын). Бул сан чарбалык китептерге жазылган үй чарбалардын санына барабар же андан азыраак болушу керек (бир нече үй чарбалар малын бириктирип, бир дыйкан чарбага бириккен учурда).
3.11. Түтүндөрдүн тизмеси (ф. № 3 форма) чарбалык китептер менен кошо айыл өкмөтүндө сакталат.
3.12. Жалпы айыл өкмөтү боюнча жыйынтыкты чыгаруу үчүн дыйкан (фермер) чарбалар, жеке ишкерлердин чарбалары жана жарандардын жеке көмөкчү чарбалары боюнча № 3 форманын маалыматтары ар бир калктуу конуш жана обочо турган объекттер (кашарлар) боюнча № 6 формага көчүрүлөт.
3.13. Статистиканын райондук бөлүмүнө айыл өкмөтү боюнча, анын ичинде ар бир калктуу конуш жана обочо турган объекттер (кашарлар) боюнча малды жана үй канаттууларды эсепке алуунун жалпыланган жыйынтыктары № 6 форма боюнча тапшырылат.
3.14. № 3 форманын маалыматтарынын негизинде "Айыл жерлеринде мал менен камсыздык жөнүндө отчет" № 9-с формасына толтурулат. № 9-с форманы толтуруп жатканда, форма болгон үй чарбалар боюнча гана түзүлөөрүн эске алыш керек (жок үй чарбалар кошулбайт). Малдын тигил же бул түрү бар үй чарбалардын саны малдын ушул түрлөрүнүн санына байлаштырылышына өзгөчө көңүл буруу керек.
3.15. Айыл өкмөттүн секретары кол коюлган № 6 жана № 9-с формаларды 12-январдан кечиктирбестен мамлекеттик статистиканын райондук бөлүмүнө тапшырат.
4.1. Шаарларда жана шаар тибиндеги поселоктордо малды жана үй канаттууларды саноо бардык жерлерде 1-декабрда башталып, 30-декабрга чейин жыйынтыгын чыгаруу менен "Шаар жеринде малды эсепке алуу боюнча тизме" деген № 4 форманын бланкына катталат.
4.2. Санакчы бардык үйлөрдү кыдырууну, малдын ээлерин сурамжылоону шаардык же райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү аймактык башкаруу органдарынын, кварталдык комитеттердин өкүлдөрүнүн, шаардын аймагында жайгашкан коллективдик бакчалардын жана огороддордун төрагаларынын катышуусу менен ишке ашырат.
4.3. Чарбаларды жазуу ар бир калктуу конуш, кичи район же квартал боюнча өзүнчө, аталышы көрсөтүлүп жазылат. № 4 формадагы тизменин ар бир сабына бир үй чарба жазылат. Бир үй чарба (үй-бүлө) болуп, жалпы чарба жүргүзүшкөн, бирге жашаган туугандар эсептелет. Үй-бүлөсү жок, жалгыз жашаган адам өзүнчө үй чарба болуп саналат. Бир үйдө, квартирада өз алдынча чарба жүргүзүшкөн эки же андан көп үй-бүлө жашаса, ал үй-бүлөлөрдүн ар бири өзүнчө үй чарба катары эсепке алынат.
4.4. № 4 форма боюнча тизмеге малы жана канаттуулары бар үй-бүлөлөр гана жазылат.
4.5. Өз участогунда каттоону аяктаганда, санакчы № 4 форма боюнча каттаган малдын жана үй канаттуулардын жалпы санын чыгарат жана кол коюлган материалдарды мамлекеттик статистиканын шаардык (райондук) бөлүмүнүн жетекчисине тапшырат.
5.1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, ИИМинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын, Юстиция министрлигинин көмөкчү чарбаларына тийиштүү, ошондой эле аскер бөлүктөрүнүн жана башка өзгөчө корголгон аймактардын зоналарында жашаган жарандарга таандык мал жана үй канаттуулары жылдын аягына карата тийиштүү министрликтер жана ведомстволор тарабынан эсепке алынат.
5.2. Бул чарбалардын малы жана үй канаттуулары жөнүндө маалымат 20-январга чейин "Мал жана үй канаттууларын эсепке алуу жыйынтыгы" № 6 форма боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статкомитетине тапшырылат.
6.1. Юридикалык жактардын чарбаларынан, айыл өкмөттөрдөн, аймактык өз алдынча башкаруу органдарынан, контролдук комиссиялардан жана санакчылардан малды жана үй канаттууларын эсептөө материалдарын кабыл алууда мамлекеттик статистиканын райондук, шаардык бөлүмүнүн жетекчиси төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) майда калктуу пункттарга өзгөчө көңүл буруп, № 24 форманы Статистикалык бирдиктердин бирдей мамлекеттик регистри (СБЖМР) боюнча чарбакер субъектилердин тизмесине, № 6 форманы - айылдык кеңештин аймагындагы калктуу конуштардын тизмесине салыштырып, бардык юридикалык жактардын чарбалары толук камтылганын текшерүүгө.
Калтырылып кеткендер аныкталган учурда мамлекеттик статистиканын райондук, шаардык бөлүмүнүн жетекчиси калтырылып кеткен чарбалар жана калктуу конуштар боюнча токтоосуз текшерүү уюштурууга тийиш;
б) даректик бөлүгү, анын аталышы туура толтурулганын, кайсы мекемеге же уюмга түз баш ийээрин, кайсы министрликтин же ведомствонун системасына кирээрин көңүл буруу менен 24-форманы толтурууда бардык көрсөтмөлөр аткарылганын текшерүүгө;
в) 24-форманын отчету боюнча малды жана үй канаттууларды эсепке алуунун тууралыгын текшерүүгө, зарыл болсо юридикалык жактын чарбасы жылдын аягына карата малды, канаттууларды жана аары бал челектерин эсепке алуунун инвентаризациялык тизмесин, ошондой эле отчеттук көрсөткүчтөрдүн тууралыгын далилдеген башка документтерди тапшырууга милдеттүү;
г) айылдык округдун аймагында жайгашкан калктуу конуштар боюнча жыйынтыктарды кошуу жолу менен чарбалардын категориялары жана малдын курактык топтору боюнча № 6 форманы толтуруунун тууралыгын текшерүүгө;
д) мамлекеттик статистиканын облустук башкармалары малды жана үй канаттууларын саноонун райондук жыйынтыктарын алышат, логикалык жана арифметикалык жактан кошумча контролдоп, облус боюнча жыйынтыктарды чыгарып, маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук статкомитетине беришет.
"Айыл жеринде малды жана үй канаттууларды эсепке алуу боюнча түтүндөрдүн тизмеси" деген № 3 форма жана "Шаар жеринде малды жана үй канаттууларды эсепке алуу боюнча тизме" деген № 4 форма өзүнчө толтурулушат:
- дыйкан (фермер) чарбаларга жана жеке ишкерлердин чарбалары боюнча;
- жарандардын жеке көмөкчү чарбалары боюнча. Чарбанын категориясы титулдук баракта баса көрсөтүлөт.
№ 3 форма бир калктуу конуштун чегинде толтурулат, № 4 форма бир шаардын чегинде толтурулат, аталыштары толугу менен жазылат.
ААБОТ кодунун клеткалары мамлекеттик статистиканын райондук, шаардык бөлүмүндө толтурулат:
Даректик бөлүгүндө облустун, райондун, шаардын, айылдык округдун, калктуу конуштун аталышы кыскартылбай, толук жазылат, мында "облус", "район", "шаар" деген ж.б. сөздөр жазылбайт, мисалы: "Ош, Кара-Суу, Сарай".
92-графада көчөнүн, кыска көчөнүн аталышы жана үй номери жазылат.
"Мүйүздүү бодо мал - бардыгы" деген 301-графада бардык жыныстык-курактык топтогу мүйүздүү бодо малдын, анын ичинде топоздун саны эсепке алынат жана (302+303+304+305+306+307+308) графалардын суммасына барабар болот.
"Уйлар - бардыгы" деген 302-графада мүйүздүү бодо малдын ичинен сүт берген тубар малдын саны эсепке алынат. Уйлардын санына отчеттук жылы төл бергенине же бербегенине карабастан бардык уйлар киргизилет. Куудурулган, бирок төл бере элек кунаажындар жашына карабастан уйлардын эсебине киргизилбейт.
"1 жаштан 2 жашка чейинки, 2 жаш жана андан өткөн (куудурулган) кунаажындар" деген 303-графада - жашы 12 ай жана 24 айдан өткөн, 1-декабрга карата иш жүзүндө уруктандырылган (букага кошулган же жасалма уруктандырылган) кунаажындардын саны бооз болгону же кысыр калганына карабастан эсепке алынат.
304-графада "1 жаштан 2 жашка чейинки жана 2 жаш жана андан өткөн куудурулбаган кунаажындар", курагы 12 ай жана 24 айдан өткөн куудурулбаган кунаажындардын саны эсепке алынат.
"1 жашка чейинки торпоктор" деген 305-графада - мүйүздүү бодо малдын 12 айга чейинки төлү (ургаачы жана эркек торпоктор) эсепке алынат.
"Тукум берүүчү букалар" деген 306-графада - 2 жаштан өткөн тукум берчү букалар эсепке алынат.
"Жумушчу өгүздөр" деген 307-графада - айыл чарба иштеринде жумушчу мал катары пайдаланылуучу, 2 жаштан ашкан, бычылган букалардын саны эсепке алынат. Ылаңдаганы же башка себептер боюнча убактылуу иштебей калган өгүздөр жумушчу өгүздөр болуп саналат.
"Мүйүздүү бодо малдын башка түрлөрү" деген 308-графада - чарбадагы мүйүздүү бодо малдын башка түрлөрү: тукумдатуу үчүн пайдаланылбаган букалар, ошондой эле 1 жаштан 2 жашка чейинки букачалар жана өгүздөр эсепке алынат.
309-графада "Мүйүздүү бодо малдын жалпы санынын ичинен топоздор (301-графа) деген графа боюнча - топоздун жалпы саны эсепке алынат.
"Анын ичинен ургаачы топоздор" деген 310-графада (302-графадан) ургаачы топоздордун саны эсепке алынат.
"Койлор - бардыгы" деген 311-графада - жынысы жана жашы боюнча койдун жалпы саны көрсөтүлөт (тукум берүүчү кочкорлор, тубар кой жана 1 жаштан өткөн токтулар, 1 жашка чейинки эркек-ургаачы козулар, жана башка койлор, бычылган боруктар жана ириктер).
"Анын ичинде тубар койлор, 1 жаштан өткөн токтулар" деген 312-графада - 1 жаштан ашкан бардык тубар койлордун жана токтулардын саны эсепке алынат.
"Эчкилер - бардыгы" деген 313-графада - эчкилердин бардык жалпы саны көрсөтүлөт (тукум берүүчү текелер, эчкилер, чебичтер, серкелер, текечер улактар).
"Анын ичинде 1 жаштагы жана андан өткөн тубар эчкилер" деген 314-графада - тубар эчкилердин саны эсепке алынат.
"Жылкылар-бардыгы" деген 315-графада жылкынын жалпы саны эсепке алынат (тукум берүүчү айгырлар, 3 жаштан өткөн бээлер, 1 жашка чейинки кулундар, 3 жашка чейинки кунандар жана байталдар, бычылган аттар).
"3 жаштагы жана андан өткөн бээлер" деген 316-графада - 3 жаштагы жана андан өткөн бээлердин саны эсепке алынат.
"Жумушчу аттар" деген 317-графада - сүйрөгүч унаа катары, айыл чарба жумуштарында ж.б.у.с. пайдаланылчу жылкынын саны эсепке алынат (315-графадан).
Жумушчу жылкы катары, айыл чарба иштеринде (айдоо, жыйноо ж.б.), жыгач даярдоо иштеринде, курулушта, ташууда, ошондой эле минүү, ташуу үчүн пайдаланылган, 3 жаштагы жана андан ашкан бардык аттар, бээлер жана айгырлар саналат. Ылаңдаганы же башка себептер менен убактылуу иштебей турган аттар жумушчу жылкы катары эсепке алынат. Асыл тукум айгырлар жана бээлер, эгерде алар жеңил жумуштарда убактылуу пайдаланылып жатса, жумушчу аттар деп эсептелбейт.
"Чочколор - бардыгы" деген 318-графада - бардык жаштагы чочколордун саны эсепке алынат (тукум берүүчү камандар, негизги жана текшерүүдөгү мегилжиндер, 4 айга чейинки торопойлор, 4 айдан өткөн торопойлор, бычылган камандар).
"Негизги мегилжиндер" деген 319-графада - бир же бирден ашык жолу төл берген мегилжиндердин саны эсепке алынат.
"Бакма коендор - бардыгы" деген 320-графада - бакма коендордун жалпы саны эсепке алынат (коен, ургаачы коендор жана бөжөк).
"Нутрийлер" деген 321-графада - нутрийлердин жалпы саны эсепке алынат.
"Түлкүлөр" деген 322-графада - түлкүлөрдүн жалпы саны эсепке алынат.
"Ак түлкүлөр" деген 323-графада - ак түлкүлөрдүн жалпы саны эсепке алынат.
"Суу күсөндөр" деген 324-графада - суу күсөндөрдүн жалпы саны эсепке алынат.
"Төөлөр - бардыгы" деген 325-графада - бардык жаштагы төөлөрдүн саны эсепке алынат (тукум берүүчү бууралар, инген төөлөр, 2 жашка чейинки тайлактар, жумушчу төөлөр).
"Эшектер (качырлар)" деген 326-графада - чарбада болгон бардык жаштагы эшектердин (качырлардын) саны эсепке алынат.
"Аары бал челектери" деген 327-графада - аары бал челектеринин саны (даана) эсепке алынат.
"Тооктор жана короздор - бардыгы" деген 328-графада - төлү менен кошо бардык тооктордун жана короздордун саны эсепке алынат.
"Анын ичинен мекияндар" деген 329-графада - ошол убакта жумуртка бергенине же бербегенине карабастан мекиян тооктордун чоңдорунун саны эсепке алынат (жаштары киргизилбейт).
"Каздар" деген 330-графада - жаш төлүн кошо эсептөө менен бардык породалардагы ургаачы жана эркек каздардын саны эсепке алынат.
"Өрдөктөр" деген 331-графада - төлүн кошо эсептөө менен бардык породалардагы ургаачы жана эркек өрдөктөрдүн саны эсепке алынат.
"Үндүктөр" деген 332-графада - төлүн кошо эсептөө менен бардык породалардагы ургаачы жана эркек үндүктөрдүн саны эсепке алынат.
"Канаттуулардын башка түрлөрү" деген 333-графада - төлүн кошо эсептөө менен чарбада болгон канаттуулардын башка түрлөрүнүн жалпы саны эсепке алынат (төө куштар, бөдөнөлөр, цесарка ж.б.).
334-графада "Үй канаттуулары (чоңдору жана жаштары) - бардыгы" деген 334-графада - бардык жаштагы үй канаттууларынын саны, тооктор менен короздор, каздар, өрдөктөр, үндүктөр жана үй канаттууларынын башка түрлөрү кошо эсепке алынат, 334-графа (328+330+331+332+333) графалардын суммасына барабар.
"Иттер" деген 335-графада - үй чарбада болгон иттердин жалпы саны эсепке алынат.
"Мышыктар" деген 336-графада үй чарбада болгон мышыктардын жалпы саны эсепке алынат.