Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 16-февралы № 51-б
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы № 50-р, 2010-жылдын 17-декабры № 215-р буйруктарынын редакцияларына ылайык )
Бишкек шаарынын суу менен жабдууну жакшыртуу жана Европалык реконструциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан «Бишкек шаарын суу менен жабдууну жакшыртуу» долбоору боюнча берилген кредиттик каражаттарды рекредиттөө максатында:
1. Бишкек шаарынын мэриясын кредиттөөнүн шарты төмөнкүдөй шарттарда бекитилсин:
- кредиттин суммасы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын кредитинин жана Швейцария Конфедерациясы Өкмөтүнүн грантынын эсебинен сатып алынган жабдуулар (насостор, атайын автотранспорт, хлораторлор, суу өлчөгүчтөр) түрүндө күрөөлүк камсыздоо менен 5,5 млн. евро өлчөмүндө белгиленсин;
- кредиттин негизги суммасы 12 жылдын ичинде, ар жыл сайын жарым жылда - 20-июнда жана 20-декабрда бирдей төлөп жыйырма төрт жолу төлөө менен тындырылат. Негизги сумма боюнча биринчи төлөм 2012-жылдын 20-июнунда төлөнөт. Негизги сумма боюнча акыркы төлөм 2023-жылдын 20-декабрында төлөнөт;
- кредитти пайдалангандык үчүн пайыздык чен Euribor+2,5 % деңгээлинде белгилесин. Чегерилген пайыздарды төлөө мөөнөтү 2011-жылдын 20-июнунан баштап кредит толук төлөнгөнгө чейин ар жылдын 20-июнунда жана 20-декабрында ишке ашырылат;
- кредит боюнча пайыздар 360 күндүк жылга (база 365/360) аны пайдаланган күндөрдүн иш жүзүндөгү саны үчүн кошуп эсептелет;
- негизги карызды тындыруу жана (же) пайыздарды төлөө кечиктирилсе Euribor+5% жылдык пайыз өлчөмүндө айыптык санкция мөөнөтү кечитирилген карыз пайда болгон учурдан баштап ошол карыз толук жоюлган күнгө чейин кошуп колдонулат;
- макулдашуу күчүнө кирген күндөн баштап жети күндүн ичинде Бишкек шаарынын мэриясы эсеп ачылганы үчүн кредиттин суммасынын 1% и өлчөмундө комиссия төөлөгө тийиш;
- жылына 0,5% өлчөмүндө комиссиялык төлөм кредиттин иштетилбеген суммасына төлөнүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы № 50-р, 2010-жылдын 17-декабры № 215-р буйруктарынын редакцияларына ылайык )
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Бишкек шаарынын мэриясына ушул буйруктун 1-пунктунда аныкталган шартта тийиштүү Карыздык милдеттемени тариздеп күрөөлүк камсыздоо менен белгиленген тартипте 5,5 млн. евро өлчөмдө кредит берсин.
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджетти жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|