Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 17-декабры № 215-р
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-февралындагы № 51-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунда:
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кредиттин негизги суммасы 12 жылдын ичинде, ар жыл сайын жарым жылда - 20-июнда жана 20-декабрда бирдей төлөп жыйырма төрт жолу төлөө менен тындырылат. Негизги сумма боюнча биринчи төлөм 2012-жылдын 20-июнунда төлөнөт. Негизги сумма боюнча акыркы төлөм 2023-жылдын 20-декабрында төлөнөт;";
төртүнчү абзацындагы "2010-жылдын 20-декабрынан баштап" деген сөздөр "2011-жылдын 20-июнунан баштап" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |