Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 1-декабры № 189-р
Бишкек шаарындагы Клиникалык борбордун курулушун аяктоо жана медициналык шаймандар менен жабдуу үчүн Россия Федерациясы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарымсыз финансылык жардам берүүсүнө байланыштуу:
Бишкек шаарындагы Клиникалык борбордун курулушун аяктоого жана медициналык шаймандар менен жабдууга финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө 2008-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы макулдашууга Кошумча макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |
Мындан ары РФ Финансы министрлиги деп аталуучу Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин атынан «Россия Федерациясынын Финансы министрлиги жөнүндө» Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-июнундагы № 329 токтому менен бекитилген Россия Федерациясынын Финансы министрлиги жөнүндө Жобонун негизинде аракеттенүүчү Финансы министринин орун басары Панкин Дмитрий Владимирович, бир тараптан, мындан ары КР Финансы министрлиги деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан, «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 733 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө Жобонун негизинде аракеттенүүчү Финансы министринин орун басары Байгончоков Мирланбек Конушбекович, экинчи тараптан, биргеликте Тараптар деп аталып төмөнкүлөр жөнүндө ушул Кошумча Макулдашууга кол коюшту.
1-берене. Кошумча макулдашуунун максаты
1.1. Кошумча Макулдашуунун максаты - Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-ноябрындагы № 1910-б жана 2010-жылдын 12-ноябрындагы № 1957-б буйруктарына ылайык Бишкек шаарында Клиникалык борбордун курулушун аяктоо жана медициналык жабдуу үчүн 2010-жылы РФ Финансы министрлиги тарабынан КР Финансы министрлигине кайтарымсыз негизде финансылык жардам көрсөтүү (мындан ары - Жардам).
1.2. Көрсөтүлгөн Жардам 10 млн. рублге чейин өлчөмдө КР Финансы министрлигинин дарегине тикелей бюджеттик каржылоо формасында берилет.
2-берене. Кошумча Макулдашууну ишке ашыруу жана Тараптардын милдеттери
2.1. РФ Финансы министрлиги:
- 2010-жылдын 31-декабрына чейин Бишкек шаарында Клиникалык борбордун курулушун аяктоо жана медициналык жабдуу үчүн төлөм ишке ашырылган күндөгү курс боюнча 10 млн. рубль эквиваленти өлчөмүндө жардам берет жана каражатты которууну АКШ доллары менен ишке ашырат;
- финансылык жардамды максаттуу пайдаланууга контролду ишке ашырат.
2.2. КР Финансы министрлиги:
- 2011-жылдын 31-декабрына чейин Бишкек шаарында Клиникалык борбордун курулушун аяктоо жана медициналык жабдуу боюнча чыгымдарды каржылоону ишке ашырат;
- Бишкек шаарында Клиникалык борборду медициналык жабдуу үчүн конкурстук негизде сатып алууга контроль жүргүзөт.
3-берене. Каражатты которуу
РФ Финансы министрлиги ушул Кошумча Макулдашуунун 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык, КР Финансы министрлигине тандоосу боюнча төмөнкүдөй эсепке акча каражатын которууну ишке ашырат:
1) россия рублинде:
Алуучу: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ИНН: 01212199210017
ОКПО: 09701000
БИК: 101001
SWIFT: NBKIKG22
Банк-алуучу: Мамлекеттер аралык Банк, Москва ш.
РФнын Борбордук банкындагы МГБ корр. эсеби:
№ 30101810800000000362
Алуучунун эсеби: № 30111810200000000037
МГБдагы КРУБ ИИН: 7700076777
МГБдагы КРУБ КПП: 774463001
БИК МГБ: 044525362
SWIFT: INEARUMM
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебине которуу үчүн № 1010100033505975;
2) АКШ долларында
IBK: Federal Reserve Bank of New York, New York
Address: 33 Liberty Street, New York, NY 10045, USA
SWIFT: FRNYUS33
BBK: Account № 0210-8671-5
The National Bank of Kyrgyz Republic, Bishkek
SWIFT: NBKIKG22
BNF: Account № 1010100033505773
Central Treasury Ministry of Finance of the Kyrgyz Republic
4-берене. Корутунду жобо
Ушул Кошумча макулдашуу эки Тараптан тең алардын жазуу жүзүндө тастыктоосунун шартында күчүнө кирет.
Эки нускада: орус жана кыргыз тилдеринде жасалды. Бардык тексттер бирдей.
Жогоруда аталган Кошумча макулдашуунун түп нускалары КР Финансы министрлигинде жана РФ Финансы министрлигинде сакталат. Макулдашуунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү жазуу жүзүндө бекитилген күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине жиберилет.
5-берене. Байланышуучу адамдар
Ушул Кошумча макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерди координациялоого байланыштуу бардык маселелер үчүн төмөнкүлөр жооптуу:
Россия Федерациясынын Финансы министрлигинде:
Аты-жөнү: Слободина Елена Владимировна
Кызматы: жетектөөчү адис-эксперт
Бөлүм: Эл аралык финансы мамилелери департаменти
Уюм: РФ Финансы министрлиги
Дареги: Россия Федерациясы, Москва ш., Ильинка көчө, 9
Үй Тел.: (495) 987-9877; факс: (495) 913-4315
Электрондук почта: slobodina@minfin.ru
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде
Аты-жөнү: Ташполотова Нурия
Кызматы: башкы адис
Бөлүм: Инвестициялык долбоорлорду пландаштыруу жана ишке ашыруу башкармалыгы
Уюм: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., бульвар Эркиндик, 58
Телефон: (+996 312) 66-48-12; факс: (+996 312) 66-48-12
Электрондук почта: n.tashpolotova@minfin.kg
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн | Россия Федерациясынын Финансы министрлиги үчүн |