КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 12-июлундагы № 332-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 3-декабры № 192-р
Кыргыз Республикасынын Фотожурналисттер союзун колдоо жана аны кызматтык жай менен камсыз кылуу, «Кыргыз фотография үйүн» ачуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Фотожурналисттер союзуна Бишкек шаары, Киев көчөсү 96 «А» дарегинде жайгашкан мамлекеттик имараттын жер төлөсүнөн 400,0 чарчы метр жайды акысыз негизде, коммуналдык кызмат акысын жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен бекитип берсин.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасына жүктөлсүн.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |