Редакцияот 12.07.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 184-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 12-июлу № 332-б

"Элдик сакчы" элдик кошунунун коомдук бирикмесин колдоо жана аны кызматтык жай менен камсыз кылуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы Бишкек шаары, Киев көчөсү 96 "А" дарегинде жайгашкан мамлекеттик имараттын жер төлөсүнөн 400,0 чарчы метр жайын акысыз негизде, коммуналдык кызмат акысын жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө келишиминин шарттарында "Элдик сакчы" элдик кошунунун коомдук бирикмесине бекитип берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-декабрындагы № 192-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Ө.Бабанов