Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 8-декабры № 195-р
Мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-августундагы № 157 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык бөлүнүп, үнөмдөлгөн каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2020543 (эки миллион жыйырма миң беш жүз кырк үч) сомду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Атайын байланыш» мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу маселеси боюнча референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан документтерди ташыгандык үчүн кызматтардын акысын төлөө үчүн берүүгө уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы үнөмдөлгөн каражаттардын калдыгын белгиленген тартипте республикалык бюджеттин кирешесине которсун.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тапшырылсын.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |