Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 13-августу № 157
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-октябрындагы №226 токтомунун редакциясына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы № 93 Жарлыгына ылайык, шайлоо өнөктүгүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы № 93 Жарлыгын жетекчиликке алышсын жана аткарышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына зарыл болгон финансылык каражаттарды республикалык бюджеттен өз убагында бөлүп берүүнү «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизүү менен камсыз кылсын.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү штабдарды түзүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын календардык планына ылайык шайлоочулардын такталган тизмелерин шайлоо комиссияларына өз убагында беришсин;
- шайлоо комиссиялары үчүн жайларды бөлүп берүү, аларды автотранспорт жана материалдык-техникалык каражаттар, байланыш менен камсыздоого байланышкан маселелерди чечишсин;
- жарандардын эскертүүлөрүн, арыздарын, суранычтарын жана шайлоо комиссияларынын сунуштарын өз убагында кароону уюштурушсун.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү камсыздоо боюнча чараларды көрсүн:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө коомдук тартиптин сакталышын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн мезгилинде шайлоо участкаларын кайтарууну жана шайлоо бюллетендерин шайлоо участкаларына ташуудагы жана жеткирүүдөгү коопсуздукту.
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо комиссияларынын жайларынын өрт коопсуздугун жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылышсын.
7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин 42-беренесине ылайык төмөнкүдөй жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүшсүн:
- тиешелүү органдарда кызмат өтөп жатышкан жарандардын;
- тергөө изоляторлорундагы жана убактылуу кармоо изоляторлорундагы жарандардын.
8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги менен бирдикте республиканын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмелерин тактоо боюнча зарыл иштерди жүргүзсүн жана шайлоочулардын такталган тизмелерин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берсин, ошондой эле республиканын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча документтерди өз убагында жана оперативдүү жеткирүүнү уюштурсун.
9. Төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына, Кыргыз Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР» телерадиоберүү компаниясына, «Слово Кыргызстана», «Кыргыз Туусу» жана «Эркин Тоо» гезиттеринин редакцияларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу;
- «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү күнү телерадиоберүүнүн үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-августундагы № 157 токтомуна тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-октябрындагы №226 токтомунун редакциясына ылайык)
Муралиев А.М. | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, штабдын төрагасы; |
Иманалиев К.Т. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы, штабдын төрагасынын орун басары. |
Штаб мүчөлөрү:
Дүйшөбаев К.А. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы; |
Казакбаев Р.А. | - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Байболов К.К. | - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Салянова А.Ж. | - Кыргыз Республикасынын юстиция министри; |
Имашев Ч.И. | - Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Чотонов Д. | - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; |
Исаков Э.А. | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; |
Артыкбаев О.М. | - Кыргыз Республикасынын энергетика министри; |
Рыскулова А.М. | - Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри; |
Садыков К.Ж. | - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Табалдиев Б.Б. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип бөлүмүнүн башчысы; |
Мамыров Э.Т. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук камсыздоо жана экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы; |
Ниязов Ф.А. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык-координациялык борборунун жетекчиси; |
Кузнецов Е.Ю. | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштурууинспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору, штабдын катчысы. |