Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 8-декабры № 196-р
2010-жылы республикалык бюджетке ресурстардын толук түшпөгөнүнө байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чыгымдоочу милдеттенмелерин өз учурунда аткарууну камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 112 «Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жумуштарын каржылоого булактарды табуу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык каралган 2924100000 (эки миллиард тогуз жүз жыйырма төрт миллион жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаты республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүн толуктоого жиберилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды андан ары каржылоо үчүн тышкы заемдордун келип түшүүсүнө жараша калыбына келтирсин;
- белгиленген тартипте «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |