Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 9-декабры № 204-р
Эл аралык спорттук коомчулукта Кыргыз Республикасынын кадыр-баркын бекемдөөчү жогорку спорттук жетишкендиктерге дем берүү максатында:
1. XVI Азия оюндарынын (Гуаньчжоу) жеңүүчүсүнө жана байге ээлерине бир жолку акчалай сый акы төмөнкүдөй белгиленсин:
- биринчи орун үчүн - 15000 (он беш миң) АКШ доллары;
- экинчи орун үчүн - 10000 (он миң) АКШ доллары;
- үчүнчү орун үчүн - 5000 (беш миң) АКШ доллары.
2. Төмөнкүлөргө сый акы белгиленсин:
- башкы машыктыруучусуна - спортсмендин сый акысынын суммасынын 25 проценти өлчөмүндө;
- жеке машыктыруучусуна - спортсмендин сый акысынын суммасынын 25 проценти өлчөмүндө.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2010-жылдын 15-декабрына чейинки мөөнөттө XVI Азия оюндарынын (Гуаньчжоу) жеңүүчүсүнө жана байге ээлерине жана алардын машыктыруучуларына тиркелген тизмеге ылайык акчалай сый акы төлөп берүү үчүн 67500 (алтымыш жети миң беш жүз) АКШ долларына эквиваленттүү суммадагы кошумча финансы каражатын 2010-жылга республикалык бюджеттен издеп тапсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине бөлүп берсин;
- белгиленген тартипте «2010-жылга республикалык бюджет жана 2011-2012-жылдарга божомол жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |
Тиркеме
Фамилиясы, аты-жөнү | Спорттун түрү | Ээлеген орду | Акчалай сый акынын суммасы |
Көбөнов Д.О. | Грек-рим күрөшү | Биринчи орун | 15 миң АКШ доллары |
Жолчубеков К.Б. | Грек-рим күрөшү | Экинчи орун | 10 миң АКШ доллары |
Кенжеев Ж.С. | Грек-рим күрөшү | Үчүнчү орун | 5 миң АКШ доллары |
Алыкулов Э.Т. | Грек-рим күрөшү | Башкы машыктыруучу | 7,5 миң АКШ доллары |
Мамбетов Р.Ш. | Грек-рим күрөшү | Д.Көбөнөвдун жеке машыктыруучусу | 3,75 миң АКШ доллары |
Ахмедов М.Ж. | Грек-рим күрөшү | К.Жолчубековдун жеке машыктыруучусу | 2,5 миң АКШ доллары |
Махмудов Х.М. | Грек-рим күрөшү | Ж.Кенжеевдин жеке машыктыруучусу | 1,25 миң АКШ доллары |
Ваккер Е.В. | Велоспорт | Экинчи орун | 10 миң АКШ доллары |
Акрамов Э.Х. | Велоспорт | Жеке жана башкы машыктыруучу | 5 миң АКШ доллары |
Пароль А.С. | Байдарка менен жарышуу | Үчүнчү орун | 5 миң АКШ доллары |
Роганов О.А. | Байдарка менен жарышуу | Башкы машыктыруучу | 1,25 миң АКШ доллары |
Буханцова Е.П. | Байдарка менен жарышуу | Жеке машыктыруучу | 1,25 миң АКШ доллары |
Бардыгы: |
|
| 67,5 миң АКШ доллары |