Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 16-декабры № 209-р
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө 2009-жылдын 15-октябрындагы макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара алмашуу каттарын аткаруу максатында:
1. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен алынган жүргүнчүлөр үчүн автобустарды кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия белгиленген тартипте:
- жүргүнчүлөр үчүн автобустарды кабыл алсын;
- кабыл алынган жүргүнчүлөр үчүн автобустарды төмөнкүлөрдүн балансына өткөрүп берсин:
Бишкек шаарынын мэриясына - 105 бирдик;
Ош шаарынын мэриясына - 35 бирдик;
Жалалабат шаарынын мэриясына - 15 бирдик;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерине - 6 бирдик.
3. Комиссиянын жетекчисине мамлекеттик органдардын жана мекемелердин адистерин белгиленген тартипте жумушка тартуу укугу берилсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өнөр жай, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-декабрындагы № 209-р буйругуна тиркеме |
Имашов Т.М.
| - Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Усаров М.И.
| - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук экспертиза башкармасынын начальниги;
|
Жусаев К.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөр департаментинин биринчи Азия бөлүмүнүн башчысы;
|
Мендекеев Р.А.
| - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин Бишкек-Чүй-Талас бөлүмүнүн начальниги;
|
Кадырмамбетов М.Ж.
| - Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармасынын начальнигинин милдетин аткаруучу;
|
Касыкенов Ж.К.
| - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт башкармасынын башкы адиси. |