Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын 16-декабрындагы
№ 211-р тескемеси менен
бекитилген
Менчик укуктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын ишине жарандык мониторинг жүргүзүү боюнча комиссия жөнүндө
жобо
I. Жалпы жоболор
1. Менчик укуктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын ишине жарандык мониторинг жүргүзүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) укуктук жана мүлктүк процесстер жана менчик укуктарын өзгөртүү менен байланышкан маселелерди чечүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды берүүгө укугу бар, ошондой эле мүлктүк комплекстерди жана жер участокторун реструктуризациялоодо, мамлекеттештирүүдө, мамлекеттен ажыратууда менчик укуктарын коргоонун кепилдиктерин камсыз кылуу үчүн байкоочу орган болуп эсептелет.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, колдонуудагы мыйзамдарды, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссия укуктарын сактоо жана коргоо жаатындагы мамлекеттик бийлик органдарынын менчик ишине бизнес коомчулук тарабынан туруктуу ачык мониторинг жүргүзүү үчүн түзүлөт.
4. Комиссия жарандык мониторинг иш-чараларын жүргүзгөндө мамлекеттик органдардын кесиптик ишине кийлигишпейт.
5. Комиссия жарандык мониторинг жүргүзүү жана бизнес коомчулукка көмөк көрсөтүү боюнча иш-чараларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эриш-аркак иштөө менен жүргүзүшү мүмкүн.
II. Комиссиянын максаттары жана милдеттери
6. Коомдук муктаждыктар үчүн мүлктү мажбурлап алууну кошкондо, жеке менчик укуктарын чектөөгө багытталган иш-чараларды мамлекеттик органдардын ишке ашыруусунун жүрүшүндө менчик укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу Комиссиянын негизги максаты болуп эсептелет.
7. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- коомдук муктаждыктар үчүн мүлктү мажбурлап алууну кошкондо, жеке менчик укуктарын чектөөгө багытталган иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө жарандардын жана юридикалык жактардын менчик укуктарына берилген кепилдиктерди сактоону камсыз кылуу;
- жеке менчикти коргоо боюнча укуктарды ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү;
- жеке менчик укуктарын камсыз кылуу жана коргоо механизмдерин өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү;
- жеке менчикти коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул жааттагы эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү;
- Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маалымдуулугун өнүктүрүү, менчик укуктарын коргоо жаатындагы эл аралык уюмдар, чет элдик коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташууну андан ары өнүктүрүү.
III. Комиссиянын функциялары
8. Комиссиянын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жеке менчик укуктарын сактоо маселелери боюнча жарандардын, юридикалык жактардын Комиссияга берилген кайрылууларын карап чыгуу;
- жеке менчик укуктарын коргоону камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын ишине мониторинг жүргүзүү;
- жеке менчик укуктарын коргоону камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар берүүчү материалдарды (отчетторду, маалыматтарды, баяндамаларды) жыйындарда кароо;
- төмөнкүлөр боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө даярдоо:
жеке менчик укуктарын коргоону камсыз кылуу механизмдерин өркүндөтүү;
жеке менчик укуктарын коргоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү;
- жеке менчик укуктарын коргоону камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), өлкөдөгү жана чет өлкөлүк мамлекеттик тиешелүү түзүмдөр, укук коргоочу жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуу;
- Комиссиянын ишинин маселелери боюнча иш-чараларды (коомдук талкууларды, угууларды) жүргүзүү жана ушул иш-чаралардын натыйжалары боюнча кайрылууларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберүү, Комиссиянын иш-чараларын жалпылаштырган тиешелүү баяндамаларды даярдоо;
- мамлекеттик органдар өткөрүүчү иш-чараларга мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорун даярдоо.
IV. Комиссиянын укуктары жана милдеттери
9. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- менчик ээлеринин статусун өзгөртүү, мамлекеттештирүү, мүлктү алып коюу менен байланышкан маселелер каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарына катышуу үчүн өзүнүн өкүлдөрүн жиберүүгө;
- мониторинг жүргүзүү менен байланышкан, менчик укуктарын коргоо чөйрөсүндө колдонулган мыйзамдардын аткарылышы жөнүндө маалыматты мамлекеттик бийлик органдарынан сурап алууга;
- менчик укуктарын коргоо боюнча чараларды көрүшү үчүн зарыл болгон маалыматты мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка органдарга белгиленген тартипте берүүгө;
- өзүнүн иши жөнүндө отчетторду жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого;
- менчик укуктарын камсыз кылуу жана коргоо менен байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдарын тиешелүү кызмат адамдарынын баяндамаларын жана отчетторун өзүнүн жыйындарында угууга;
- Кыргыз Республикасында менчик укуктарын коргоо маселелери боюнча илимий-изилдөөлөрдү, эксперттик баалоолорду жүргүзүү үчүн илимий кызматкерлерди жана адистерди коомдук башталышта тартууга.
V. Комиссиянын түзүмү жана иши
10. Комиссиянын курамы өздөрүнүн ишин коомдук башталышта жүргүзгөн 17 адамдан туруп, бул курам жагымдуу бизнес климатты кармап турууга көмөк көрсөткөн, ошондой эле бизнес коомчулук менен тыгыз иштеген мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулуктун жана өкмөттүк эмес, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт.
11. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Комиссиянын төрагасы, ал эми Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп эсептелет.
12. Комиссиянын ишин камсыз кылуу үчүн эксперттик топ түзүлөт, ал үч эксперттен турат, алардын экөөсү жарандык коомдон алынса, бирөөсү тиешелүү тармактагы мамлекеттик кызматчылардан алынат. Комиссиянын уюштуруучулук маселелерин чечүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт, катчы Комиссиянын мүчөлөрүнүн чечими боюнча дайындалат.
13. Комиссия өзүнүн жыйындарын зарылдыгына жараша, бир кварталда бир жолудан кем эмес, Комиссиянын төрагасы бекиткен планга ылайык өткөрөт.
14. Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиси катышса, анда Комиссиянын жыйыны мыйзамдуу болуп эсептелет.
15. Комиссиянын чечимдери жыйынга катышып жаткан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.