Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 17-декабры № 216-р
Топтоочу пенсиялык системаны андан ары ишке киргизүү жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорду өнүктүрүү үчүн шарттар түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында топтоочу пенсиялык системаны өнүктүрүүнүн концепциясынын жаңы долбоорун иштеп чыгуу боюнча кызыкдар министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана бизнес-коомчулуктардын күч-аракеттерин координациялоо максатында:
1. Кыргыз Республикасында топтоочу пенсиялык системаны өнүктүрүүнүн концепциясынын жаңы долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобу тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында топтоочу пенсиялык системаны өнүктүрүүнүн концепциясынын жаңы долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- министрликтердин, администрациялык ведомстволордун адистерин, көз каранды эмес эксперттерди жана консультанттарды ишке тартуу укугу берилсин.
3. Ведомстволор аралык топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
Тиркеме
Элебаев Н.Б. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси, «Пенсиянын топтоочу бөлүгүн инвестициялоо жана мамлекеттик эмес топтоочу пенсия менен камсыз кылуучу системаны өнүктүрүү» багыты боюнча жумушчу топтун жетекчиси;
|
Давлеткельдиева Ч.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары, «Жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөн адамдарды пенсия менен камсыз кылуу» багыты боюнча жумушчу топтун жетекчиси;
|
Байбориев А.Ш. | - Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары, «Эмгек мигранттарын пенсия менен камсыз кылуу» багыты боюнча жумушчу топтун жетекчиси;
|
Дүйшеев Н.А. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин статс-катчысы, «Айыл чарбасында иштеген адамдарды пенсия менен камсыз кылуу» багыты боюнча жумушчу топтун жетекчиси;
|
Кылжыев С.А. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Ахматов С.М. | - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
|
Абдыбалы Т.С. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Осмонов З.Б. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Уманкулов А.Б. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Ибраев Н.Т. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
|
Пирназаров М.Т. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аткаруучу кеңешинин мүчөсү;
|
Абарбекова А.М. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдарды каржылоо башкармалыгынын начальниги;
|
Айдаралиева Р.С. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Сарыбаев Ч.А. | - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн начальниги;
|
Давлесов А.Н. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын методология, көзөмөл жана лицензиялоо башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
|
Ибраимова Т.Ф. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун юридикалык башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
|
Дубашева А.О. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мамлекеттик эмес пенсиялык фондунун иштерин жөнгө салуу бөлүмүнүн начальниги;
|
Пирматов Р.Т. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун активдер менен иштөө боюнча бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
|
Тогузбаева Д.Е. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун топтоочу пенсиялык система боюнча бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
|
Айдаралиев К.И. | - Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгынын салык саясаты бөлүмүнүн башчысы;
|
Есеналиев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин укуктук камсыздоо жана айыл чарба ишканаларын өзгөртүп түзүү бөлүмүнүн башчысы;
|
Кулжанова Ж. | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пенсиялык жана тарифтик саясат жана актуардык моделдештирүү башкармалыгынын башкы адиси (макулдашуу боюнча);
|
Базарова Н.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мамлекеттик эмес пенсиялык фондунун иштерин жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы адиси, ведомстволор аралык жумушчу топтун жооптуу катчысы;
|
Толубаев А.Ж. | - «Кыргыз фондулук биржа» жабык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
|
Ускенбаева Г.Т. | - «Тапшыруучулар (керектөөчүлөр) жана дистрибьюторлор ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин президенти, Бизнес-ассоциациялар улуттук альянсынын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Күрөңкеев А.С. | - «Кыргызстан» мамлекеттик эмес пенсиялык фондунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Залепо А.В. | - «ВNC Assets Management башкаруу компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Тынаева А.В. | - «Эмгек мигранттарына көмөктөшүү борборлору тармагы» коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);
|
Симонова Н.Я. | - «Сенти» финансылык компаниясынын директору (макулдашуу боюнча);
|
Морозова Е.Е. | - «В.Якобс-Аудит» жабык акционердик коомунун директору (макулдашуу боюнча);
|
Алишер уулу С. | - Кыргыз Республикасынын базарлары, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү ассоциацияларынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
|
Атаханов Ш.Е. | - «Кыргызстан» мамлекеттик эмес пенсиялык фондунун кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Скаргин А.А. | - Кыргызстан-Россия мамлекеттер аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Мамбетов К.Б. | - Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплекси кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Рустембеков М.С. | - «Инвестициялар жана өнүктүрүү маалымат кеңеш берүү борбору» коомдук фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Күмүшбеков Н. | - Бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча ЮСАИД долбоорунун юристи (макулдашуу боюнча);
|
Карасартова Р. | - «Союз добрых сил» коомдук бирикмесинин финансылык эксперти (макулдашуу боюнча). |