Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 88
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жана 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо, тиркемеге ылайык дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын - айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоону өткөрүү графиги, тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Шайымкулова |
|
№ | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы | Шайлоону өткөрүү датасы жана убактысы |
Ош облусу | ||
Алай району | ||
1 | Коңур-Дөбө | 2016-жылдын 12-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
2 | Будалык | 2016-жылдын 13-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
Кара-Суу району | ||
3 | Сары-Колот | 2016-жылдын 12-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
Ноокатский район | ||
4 | Көк-Бел | 2016-жылдын 12-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
Жалал-Абад облусу | ||
Тогуз-Торо району | ||
5 | Көк-Ирим | 2016-жылдын 12-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
6 | Атай | 2016-жылдын 13-майында, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
Аксы району | ||
7 | Авлетим | 2016-жылдын 12-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
Баткен облусу | ||
Лейлек району | ||
8 | Бешкент | 2016-жылдын 12-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
9 | Маргун | 2016-жылдын 13-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
Нарын облусу | ||
Ак-Талаа району | ||
10 | Баетов | 2016-жылдын 12-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
11 | Терек | 2016-жылдын 12-майына, саат 14.00дөн 18.00гө чейин |
12 | Коңорчок | 2016-жылдын 13-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
Жумгал району | ||
13 | Таш-Дөбө | 2016-жылдын 11-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
14 | Куйручук | 2016-жылдын 12-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
15 | Түгөл-Сай | 2016-жылдын 12-майына, саат 14.00дөн 18.00гө чейин |
16 | Чаек | 2016-жылдын 13-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
17 | Кызыл-Жылдыз | 2016-жылдын 13-майына, саат 14.00дөн 18.00гө чейин |
Ысык-Көл облусу | ||
Каракол шаары | ||
18 | Каракол шаары | 2016-жылдын 13-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
Жети-Өгүз району | ||
19 | Оргочор | 2016-жылдын 12-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
Чүй облусу | ||
Кемин району | ||
20 | Кемин шаары | 2016-жылдын 12-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
Аламүдүн району | ||
21 | Арашан | 2016-жылдын 12-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |
Ысык-Ата району | ||
22 | Милянфан | 2016-жылдын 12-майына, саат 9.00дөн 12.00гө чейин |