Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 28-мартындагы № 85-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 12-августу № 439-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 168-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин.
Аталган буйрук менен түзүлгөн "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү" Улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы № 11-б буйругунун 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 439-б буйругуна тиркеме |
Айтмурзаев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Координациялык кеңештин төрагасы,
Бакиров Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Бакиров М.С. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Аалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин статс-катчысы;
Асанакунов Б.Д. - Кыргыз Республикасынын Муниципалитеттер ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча);
Байжуманов Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Бейшенкулов Б.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы;
Ералиев Н.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Жумашев С.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Иминов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы;
Карашев А.А. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Кенжебаев Д.Б. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министринин орун басары;
Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Мамбеталиев М.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы;
Олейниченко А.П. - Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айылдык округунун башчысы (макулдашуу боюнча);
Салымбеков А.М. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Региондук өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Салянова А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;
Есеналиев М.К. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы, Координациялык кеңештин жоопту катчысы (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев