КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 29-июлу № 1-1
Кыргыз улуттук музыкалык маданиятынын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон көрүнүктүү ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Темирбеков Марлен Болоталиевичтин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Садык Шер-Нияз - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Өмүркулов И.Ш. - Бишкек шаарынын мэри;
Бегалиев М.А. - Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору;
Саламатов Т.С. - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору;
Үсөнбаев М.А. - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;
Оторбаев К.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Сейталиев Т. - СССРдин эл артисти (макулдашуу боюнча);
Айтыгулов К. - Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);
Мураталиев Т. - Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);
Турсунов А. - "Турсуновдун архитектуралык студиясы" ЖЧКсынын башкы директору (макулдашуу боюнча).
2. Жарандык коштошуу ырасымы 2010-жылдын 30-июлунда саат 10.00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өткөрүлсүн.
3. Сөөк Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнүнө коюлсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министри | А.Муралиев |