КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы № 1-1 (Кыргыз улуттук музыкалык маданиятынын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон көрүнүктүү ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Темирбеков Марлен Болоталиевичтин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 29-июлу № 1-1
Кыргыз улуттук музыкалык маданиятынын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон көрүнүктүү ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Темирбеков Марлен Болоталиевичтин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Садык Шер-Нияз - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Өмүркулов И.Ш. - Бишкек шаарынын мэри;
Бегалиев М.А. - Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору;
Саламатов Т.С. - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башкы директору;
Үсөнбаев М.А. - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;
Оторбаев К.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Сейталиев Т. - СССРдин эл артисти (макулдашуу боюнча);
Айтыгулов К. - Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);
Мураталиев Т. - Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);
Турсунов А. - "Турсуновдун архитектуралык студиясы" ЖЧКсынын башкы директору (макулдашуу боюнча).
2. Жарандык коштошуу ырасымы 2010-жылдын 30-июлунда саат 10.00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өткөрүлсүн.
3. Сөөк Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнүнө коюлсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министри | А.Муралиев |