Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-майы № 93
2016-жылдын 27-мартындагы Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 23-январындагы № 16 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 27-мартында өткөрүлгөн.
Шайлоону өткөрүү үчүн, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Жерге-Тал айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участогу түзүлгөн.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо, шайлоонун катышуучуларынан добуш берүүнүн жыйынтыгына даттануулар (арыздар) түшкөн эмес.
2016-жылдын 14-апрелинде Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына протоколго техникалык ката кетирилгендигин билдирип, протоколго өзгөртүү киргизип берүү жөнүндө арызы менен кайрылган. Андан тышкары, 2016-жылдын 27-апрелинде "Жерге-Тал айылдык кеңешинин "Чолок-Кайың" шайлоо округунун 2016-жылдын 27-мартында өткөрүлгөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоосунун жыйынтыгын чыгаруу боюнча Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун оңдоо жөнүндө" № 12 чечими келип түшкөн.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 12 чечими бекитилсин.
3. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдору ушул токтомдун 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн өзгөртүлөөр менен бекитилсин.
4. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин депутаттыгына тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп табылсын (тиркелет).
5. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды каттасын жана шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берсин.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
7. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-майындагы № 93 токтомуна тиркеме |
Жерге-Тал айылдык кеңеши
2 мандаттуу Жерге-Тал шайлоо округу боюнча
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштардын саны |
1 | Жумалиев Мирбек Макенович | 69 |
2 | Итикулов Ирбис Асанович | 61 |
9 мандаттуу "Чолок-Кайын" шайлоо округу боюнча
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштардын саны |
1 | Учугенова Гульмайрам Асановна | 279 |
2 | Коргонбай уулу Канай | 268 |
3 | Өмүров Максатбек Орозобекович | 267 |
4 | Мухамбет-Азим уулу Айбек | 240 |
5 | Болотов Райбек Алманбетович | 240 |
6 | Өмүров Мирбек Райымбекович | 233 |
7 | Чодонов Өмүргазы Искендерович | 226 |
8 | Орозалиев Чынгыз Надырбекович | 183 |
9 | Исраил уулу Сабырбек | 175 |