Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 11-августу № 26-р
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 71 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча 2011-жылга чейинки биринчи кезектеги чараларынын 2.2-пунктун аткаруу үчүн:
1. Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия 2010-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Комиссия зарыл болсо министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын, мекемелердин адистерин жана көз каранды эмес эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга, техникалык колдоо көрсөтүү үчүн донор уюмдарга кайрылууга укуктуу экени белгиленсин.
4. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери Комиссияга белгиленген тартипте ар тараптуу жардам көрсөтүшсүн, ошондой эле Комиссиянын төрагасынын талабы боюнча керектүү документтерди, маалыматтарды жана информацияны беришсин.
5. Комиссиянын ишин уюштуруу жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине тапшырылсын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө тапшырылсын.
Президент
| Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-августундагы № 26-р буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдүк кылуу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары.