Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 12-августу № 31-р
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-июнундагы № 14 Жарлыгына ылайык жана Бишкек шаарында "Региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча ЦАРЭС" долбоору боюнча Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Имашев Ч.И. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;
Исаков Э.А. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, делегациянын жетекчисинин орун басары;
Кулматов К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Мамаев К.А. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы,
Байгөнчөков М.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Денисов Р.В. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык-укуктук бөлүмүнүн башчысы;
Токтоматов Н.Т. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
Сарыбаева Ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин эл аралык экономикалык уюмдар бөлүмүнүн башчысы;
Изаев А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 299 тескемеси күчүн жоготту деп табылсын.
Президент
| Р.Отунбаева |