Загрузка документа…
(КР Президентинин 2011-жылдын 16-июнундагы № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 12-июлу ПЖ № 14
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана анын администрациялык ведомстволорунун түзүмү жөнүндө
(КР Президентинин
2010-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 232,
2011-жылдын 21-январындагы ПЖ № 15
Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. (КР Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы ПЖ № 15 жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы ПЖ № 15 жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жана анын жетекчилиги менен төмөнкүдөй администрациялык ведомстволор иштээри аныкталсын:
а) мамлекеттик агенттиктер:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздоо мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кинематография мамлекеттик агенттиги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик;
б) мамлекеттик кызматтар:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;
в) фонддор:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду.
(КР Президентинин 2010-жылдын 6-октябрындагы ПЖ № 232 жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өзгөртүп түзүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына төмөнкү жалпыга маалымдоо каражаттары өткөрүп берилсин:
- "Кыргыз Туусу" басма үйү;
- "Слово Кыргызстана" басма үйү;
- "Эркин-Тоо" гезити.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |