Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-майы № 98
2016-жылдын 15-майында Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 14-мартындагы № 57 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 15-майында өткөрүлгөн.
Шайлоону өткөрүү үчүн, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 1 шайлоо округу, 1 шайлоо участогу түзүлгөн.
Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттыгына тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп табылсын (тиркелет).
4. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды каттасын жана шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берсин.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке жиберилсин.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 24-майындагы № 98 токтомуна тиркеме |
Жумгал району
Чоң-Дөбө айылдык кеңеши
11 мандаттуу "Чон-Добо" шайлоо округу боюнча
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштардын саны |
1 | Термечиков Күрүчбек Арыкбаевич | 210 |
2 | Космосбек уулу Алтынбек | 203 |
3 | Сарбагышов Бекжан Жусубалиевич | 150 |
4 | Азисбек уулу Дыйканбек | 149 |
5 | Шапкулов Кубанычбек Аблабекович | 148 |
6 | Токонов Камчыбек Шакирбекович | 147 |
7 | Орозбаков Болот Асанбекович | 137 |
8 | Карыпбаев Урмат Эдилбекович | 131 |
9 | Шералиева Женишгүл Өмүрбековна | 131 |
10 | Абакиров Кайырбек Жолдубаевич | 129 |
11 | Сооронбаев Эмилбек Болотбекович | 128 |