Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-майы № 99
2016-жылдын 15-майындагы Ош облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 14-мартындагы № 57 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Аке, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 15-майында өткөрүлгөн.
Шайлоону өткөрүү үчүн, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык, Өзгөн районунун Алтын-Булак айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участогу, Мырза-Аке айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 4 шайлоо округу жана 7 шайлоо участогу, Араван районунун Нурабад айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 3 шайлоо округу жана 3 шайлоо участогу, Тепе-Коргон айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 5 шайлоо округу жана 8 шайлоо участогу түзүлгөн.
Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Аке, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Өзгөн, Араван аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Аке, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Аке, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Ош облусунун Өзгөн районунун Алтын-Булак, Мырза-Аке, Араван районунун Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттыгына тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп табылсын (тиркелет).
4. Өзгөн жана Араван аймактык шайлоо комиссиялары шайланган депутаттарды каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берсин.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 24-майындагы № 99 токтомуна тиркеме |
Ош облусу | |
Өзгөн району | |
Алтын-Булак айылдык кеңеши | |
| Добуштардын саны |
6 мандаттуу "Кандава" шайлоо округу | |
1. Садыков Тынчтыкбек Таштанович | 212 |
2. Оводойов Кенжебай Шокшорович | 207 |
3. Белеков Автандил Жапарбекович | 196 |
4. Абдылдаев Нуржигит Сатарович | 188 |
5. Монолов Байыш Насирбекович | 169 |
6. Рахманберди уулуБекмамат | 169 |
5 мандаттуу "Алтын-Булак" шайлоо округу | |
1. Шакеева Ирсалат Жолдошевна | 156 |
2. Каипбердиев Мирлан Жаныбекович | 146 |
3. Айдаралиев Акылбек Калмаматович | 133 |
4. Абдылдаева Айнура Токтомаматовна | 117 |
5. Дыйканбаев Эгемберди Самидинович | 114 |
Мырза-Аке айылдык кеңеши | |
4 мандаттуу "Бабыр-Адыр" шайлоо округу | |
1. Келдибеков Алтынбек Каримбекович | 356 |
2. Батаев Дуйшобек Мамасаитович | 347 |
3. Аматов Жылдызбек Анарбаевич | 278 |
4. Бобеков Асылбек Матураимович | 270 |
8 мандаттуу "Мырза-Аке-Обком" шайлоо округу | |
1. Жумабай уулу Жениш | 601 |
2. Джаныбеков Марат Джаныбекович | 540 |
3. Маматалиева Марал Тыныбековна | 494 |
4. Кимсанов Абдыкерим | 466 |
5. Сайитов Муратбек Жантороевич | 445 |
6. Айтбаева Жумабу Жакыповна | 386 |
7. Разаков Тынчтыкбек Токтосунович | 370 |
8. Кочкорбаев Кенжебай Эшбаевич | 338 |
6 мандаттуу "Лесхоз-Коммунист" шайлоо округу | |
1. Жусупов Насыр Кадырович | 406 |
2. Курманкулов Райимберди Аалыевич | 390 |
3. Жолуев Амантур Токоевич | 381 |
4. Джусупов Талайбек Сайпиевич | 380 |
5. Орозбаев Маматомор Акматжанович | 344 |
6. Маматов Адилет Сагынбаевич | 299 |
3 мандаттуу "Интернат" шайлоо округу | |
1. Жусуев Артур Баймаматович | 280 |
2. Токошов Карыбек | 244 |
3. Эргешев Женишбек Анарбаевич | 216 |
Араван району | |
Нурабад айылдык кеңеши | |
5 мандаттуу Какыр-Пилтан шайлоо округу | |
1. Исманов Бахрамжон Тавалдиевич | 489 |
2. Абдимуминов Жахонгир Келдибекович | 418 |
3. Шамшидинова Шахнозахон Муродиловна | 370 |
4. Халилов Элербек Акбаралиевич | 354 |
5. Нишонов Киличбек Тожимахаматович | 321 |
9 мандаттуу Кайрагач-Арык шайлоо округу | |
1. Исмаилов Алимжан Махаматхалилович | 823 |
2. Махамматов Нозимжон Артикназарович | 764 |
3. Ахмадалиев Гайрат Мухтарович | 668 |
4. Ахмадалиев Мухаммаджан Мухтарович | 646 |
5. Иманкулов Искандарбек Абдимуминжонович | 526 |
6. Киргизбаев Музафаржон Кенжаевич | 434 |
7. Пазилов Салохиддин Сабирович | 410 |
8. Ибрагимов Хуснидин Хасанбаевич | 376 |
9. Борибаев Инамжон Хайдаралиевич | 364 |
7 мандаттуу Лангар шайлоо округу | |
1. Шамшидинов Илгорбек Тухтамуратович | 308 |
2. Шамшидинов Учкунбек Тухтамуродович | 308 |
3. Юсупова Малохатхон Собировна | 308 |
4. Байбабаев Шавкат Жураевич | 303 |
5. Маннапов Шерали Неъматжанович | 302 |
6. Холикова Полатхон Идрисовна | 301 |
7. Зайнобидинов Эшмурат Нурдинович | 292 |
Тепе-Коргон айылдык кеңеши | |
4 мандаттуу Жаңы-Абад шайлоо округу | |
1. Айбашов Руслан Базарбаевич | 391 |
2. Абдикахаров Шайрбек Маликович | 310 |
3. Кульматов Авдилхашим Токторович | 270 |
4. Мамасидик уулу Наврузбек | 213 |
5 мандаттуу Тепе-Коргон шайлоо округу | |
1. Абдуллаев Хабибилло | 316 |
2. Ахмедов Хусниддин Халматжанович | 294 |
3. Мойдинова Данахон | 242 |
4. Тойчибаев Шерзодбек Тахирович | 208 |
5. Абакулов Атабек Муйдинжанович | 198 |
9 мандаттуу Кесов шайлоо округу | |
1. Камилов Сайибжон Фозилович | 522 |
2. Мамадалиев Оринжан Абдулазизович | 450 |
3. Ахмедов Мухиддин Хакимович | 438 |
4. Халматов Сайиб Абидович | 415 |
5. Абдужобборов Ропикжон Арипжонович | 408 |
6. Хожибоев Акмалжон Анваржонович | 367 |
7. Юлдашева Дилрабо Таиржановна | 345 |
8. Каримов Якубжон Сотволдиевич | 343 |
9. Абдужаббаров Ифтихор Тилавалдиевич | 287 |
8 мандаттуу Жаңы-Жол шайлоо округу | |
1. Арзибеков Бахадиржан Гуламович | 560 |
2. Абдуваитов Аъзамжан Атабекович | 454 |
3. Тажибоев Латипжан | 446 |
4. Саламова Замира Абдурашидовна | 413 |
5. Нишанова Мохидил Мамирбековна | 370 |
6. Бакиров Суюнбай Мирзараимович | 366 |
7. Акрамов Мирзалим Акбарович | 358 |
8. Валиханов Абыт Валиханович | 328 |
5 мандаттуу Уйгур-Абад шайлоо округу | |
1. Исаков Зокиржон Рустамович | 450 |
2. Дадабаев Абдурашид Атакелдиевич | 311 |
3. Абдиганиев Абдикаар | 267 |
4. Абдурасулов Исроил | 265 |
5. Бакирова Аширкан Кочкоровна | 261 |