Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 7-октябры № 116-р
Жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана Бирдиктүү төлөөчү системасында саламаттык сактоону каржылоо максатында, "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун каржылоодогу Бирдиктүү төлөөчү системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун жана анын аймактык башкармалыктарын кармоого 66000000 (алтымыш алты миллион) сом суммасындагы каражат белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2010-жылга бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна демилге көтөрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |