Редакцияот 14.10.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 14-октябры № 139-р

Россия Федерациясынан келүүчү күздүк буудайдын үрөнүн айылдык товар өндүрүүчүлөргө өз убагында жеткирүү максатында:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-сентябрындагы № 93-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун франко-заводунан облустук борборлорго чейин 1 тонна үрөндү автотранспорт менен ташуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн наркын белгилесин.».

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

Р.Отунбаева