Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 20-сентябры № 93-р
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-октябрындагы № 139-р буйругунун редакциясына ылайык)
Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоону жана күздүк буудайдын жогорку түшүмдүү үрөөнү менен камсыз кылуу, үрөөн алмаштыруу жана Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына келип түшкөн күздүк буудай үрөөндөрүнүн максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам түрүндө келип түшүп жаткан күздүк буудайдын 1,5 миң тонна үрөөнүн убактылуу сактоого кабыл алууну уюштурсун;
- күздүк буудайдын үрөөнүн алардын алуучуларына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун катынын негизинде берүүнү камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- күздүк буудай үрөөнүн, анын ичинде 120 тонна - супертандамал, 180 тонна - тандамал жана 1200 тонна - биринчи өнүмдөгү «Краснодар 99» сортун бөлүштүрүүнү жана иргөөнү көзөмөлдөөнү;
- кабыл алуу, сактоо жана бөлүштүрүп берүү жүрүмдөрүндө үрөөндүн сапатын Кыргыз Республикасынын техникалык талаптарына ылайык лабораториялык көзөмөлдөөнү.
3. Үрөөнчүлүк чарбалары жана айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн Россия Федерациясынан келип түшкөн күздүк буудай үрөөнүнүн «Краснодар 99» сортунун 1 кг үчүн төмөнкүдөй жеңилдетилген баалар белгиленсин:
- супертандамал - 24 сом 50 тыйын;
- тандамал - 17 сом 50 тыйын;
- биринчи өнүм - 12 сом 60 тыйын;
- экинчи өнүм - 11 сом 90 тыйын.
4. Облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:
- товардык насыяларды бөлүштүрүү боюнча Республикалык мамлекеттик комиссияда кароо жана бекитүү үчүн 2010-жылдын 26-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине күздүк буудай үрөөнүн көбөйтүү программасын жана аларды алуучулардын тизмесин көрсөтүшсүн;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылышсын:
товардык насыяларды бөлүштүрүү боюнча Республикалык мамлекеттик комиссиянын чечимдерине, күздүк буудай үрөөнүн көбөйтүүнүн облустук программасына жана айдоо аянттарына ылайык, үрөөнчүлүк чарбаларга жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө күздүк буудай үрөөнүнүн «Краснодар 99» сортун бөлүштүрүүнү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларынан күздүк буудай үрөөндөрүн иргөөнү;
бөлүнгөн үрөөндү максаттуу пайдаланууну жана аларды өз убагында кайтарып берүүнү.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду:
- товардык насыяларды бөлүштүрүү боюнча Республикалык, облустук жана райондук мамлекеттик комиссиялар бекиткен бөлүштүрмөлөрдүн негизинде, үстөксүз товардык насыя тартибинде, күздүк буудай үрөөнүн алуучулар менен насыялык жана күрөөлүк келишимдерди өз убагында жол-жоболоштурууну камсыз кылсын;
- буудайдын сорттуу үрөөнүн бөлүштүрүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 токтому менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык жүргүзсүн;
- төмөнкүлөр белгиленсин:
үрөөнчүлүк чарбалар жана айылдык товар өндүрүүчүлөр товардык насыяларды тийешелүү өнүмдөгү «Краснодар 99» сортунун үрөөнү же ушул тескемеде белгиленген баалар боюнча кайтарып беришет;
кайтаруу мөөнөтү өрөөндүү райондордун чарбалары үчүн - 2010-жылдын 10-сентябрына чейин, тоолуу райондор үчүн - 2010-жылдын 25-сентябрына чейин.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги төмөнкүлөрдү өз убагында каржылоону камсыз кылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондун 2010-жылга бекитилген бюджеттин чектеринде, Россия Федерациясынан гуманитардык жардам түрүндө келип түшкөн жүктү Луговая станциясынан ташып келүүгө, күздүк буудайдын үрөөнүн кабыл алууга, сактоого жана берүүгө байланышкан чыгымдарын жабууну;
- 2010-жылга бекитилген бюджеттин чектеринде Баткен, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл жана Талас облустарынын күздүк буудай үрөөнүнүн «Краснодар 99» сортун алуучулардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларынан облустук борборлорго чейин ташып жеткирген транспорттук чыгымдарынын ордун толтурууну.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондун Россия Федерациясынан келип түшкөн күздүк буудай үрөөнүнүн «Краснодар 99» сортун ташып келүүдө - бажы төлөмдөрүн жана андан ары айылдык товар өндүрүүчүлөргө берүүдө - шарттуу чегерилген бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотсун.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун франко-заводунан облустук борборлорго чейин 1 тонна үрөндү автотранспорт менен ташуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн наркын белгилесин.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-октябрындагы № 139-р буйругунун редакциясына ылайык)
9. Ушул тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |