ТоктомКүчүндө

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 1-июнундагы № 105 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому

Редакция01.06.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2016-жылдын 1-июну № 105

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жана № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо тиркемеге ылайык дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Абдраимов

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 1-июнундагы № 105 токтомуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүү ГРАФИГИ

№

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы

Шайлоону өткөрүү датасы жана убактысы

Ош облусу

Өзгөн району

1

Алтын-Булак

2016-жылдын 20-июну,

саат 9.00дөн 12.00гө чейин

2

Мырза-Аке

2016-жылдын 20-июну,

саат 14.00дөн 18.00гө чейин

Араван району

3

Нурабад

2016-жылдын 20-июну,

саат 9.00дөн 12.00гө чейин

4

Тепе-Коргон

2016-жылдын 20-июну,

саат 14.00дөн 18.00гө чейин

Нарын облусу

Жумгал району

5

Чоң-Дөбө

2016-жылдын 20-июну,

саат 9.00дөн 12.00гө чейин

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл району

6

Кумбел

2016-жылдын 20-июну,

саат 9.00дөн 12.00гө чейин

Кайра шайлоо

№

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы

Шайлоону өткөрүү датасы жана убактысы

Эскертүү

Чүй облусу

1

Токмок шаары

2016-жылдын 15-июну, саат 9.00дөн 12.00гө чейин

мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен