Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 12-августу № 32-р
Мамлекеттик резервде сактоодо турган аштык буудайдын сапатын жакшыртуу, аны өз убагында жаңылап туруу жана белгиленген мөөнөттө кайтаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- 2007-2008-жылы сактоого коюлган, унга тартылбай калган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы № 483-б буйругуна ылайык брондон чыгарылган буудайдын өлчөмүнөн 3660 тонна аштык буудайды мамлекеттик резервден чыгарсын;
- 2010-жылдын түшүмүнөн алынган, ГОСТ 9353-90 "Буудай. Камдоодогу жана берүүдөгү талаптар" талабына жооп берген, 3-класстан төмөн эмес, клейковинасы 23 проценттен кем эмес аштык буудайды 2011-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө мамлекеттик резервге мыйзамда белгиленген тартипте койсун.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |