Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 19-августу № 41-р
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 129 «2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын 2010-жылдын 6-августундагы № 7 протокол менен таризделген чечимин эске алып:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсептин каражаттарынан төмөндөгү адамдарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражат бөлсүн:
Абдылдаева Гүлмира Океновнага - 10,0 (он миң) сом өлчөмдө;
Гуляев Үсөн Абдусаматовичке - 50,0 (элүү миң) сом өлчөмдө;
Тулеков Сабыр Бегалиевичке - 50,0 (элүү миң) сом өлчөмдө;
Чаргынова Мунара Еркинбаевнага - 20,0 (жыйырма миң) сом өлчөмдө;
Алтынбекова Бегайым Табалдиевнага - 20,0 (жыйырма миң) сом өлчөмдө.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисине тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |