Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 241 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 13-июлу УӨ № 129
2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 230 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык, 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы;
- 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жобо.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-апрелиндеги № 9 токтому;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-майындагы № 44 "2010-жылдын 6-7-апрелинде жабыркагандарга социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия түзүү жөнүндө" токтому.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы | Р.Отунбаева
|
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 129 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 230 токтомунун редакциясына ылайык)
Каптагаев Э.С. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администра-
ция жетекчиси, комиссиянын төрагасы;
Шайдиева К.Б. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
статс-секретары;
Мукашев К.Б. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социал-
дык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин дирек-
торунун орун басары;
Сагынбаева Д.З. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минист-
рлигинин медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу
башкармасынын начальниги;
Бектуров А. - курман болгондун бир тууганы (макулдашуу боюнча);
Сагынаев Т. - курман болгондун атасы (макулдашуу боюнча);
Мамбетов М. - курман болгондун атасы (макулдашуу боюнча);
Ыбыкеев А. - курман болгондун бир тууганы (макулдашуу боюн-
ча);
Бианки М. - курман болгондун бир тууганы (макулдашуу боюн-
ча);
Айдабосунова Н. - курман болгондун энеси, "Мекен шейиттери" коом-
дук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Абдиева К.З. - "Бириккен энелер" бирикмесинин төрагасы (макул-
дашуу боюнча);
Давлетбаев Т. - жабыркаган адам, "Айкөл-Алатоо" коомдук бирикме-
синин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Жузубалиев Т. - жабыркаган адам (макулдашуу боюнча);
Жанжигитов Б. - жабыркаган адам (макулдашуу боюнча);
Тулеков С. - жабыркаган адам (макулдашуу боюнча).