Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 7-сентябры № 65-р
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өтүнмөсүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын бюджетинде каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджеттен өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сатып алуулардын жыйынтыктары боюнча тиешелүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалымат жана отчет үчүн берсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын жана бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |