Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 8-сентябры № 68-р
Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын туруктуу каржылоону камсыз кылуу жана өлкөдөгү микрофинансылык секторду андан ары ырааттуу өнүктүрүү үчүн ресурстарды тартуунун тышкы рыногун сактоо максатында:
1. Микрофинансылык сектор менен «АзияУниверсалБанк» ачык акционердик коомунун өз ара милдеттенмелерин реструктуризациялоо маселелерине карата сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топтун тиркелген регламенти бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жактан жана башка камсыздоо жүктөлсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын 8-сентябрындагы
№ 63-р тескемесине
тиркеме
Микрофинансылык сектор менен «АзияУинверсалБанк» ачык акционердик коомунун өз ара милдеттенмелерин
реструктуризациялоо маселелерине карата сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун
Курамы
Мырзаев А.А.
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Алыбаева С.К.
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Байгөнчөков М.К.
| - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Укулов К.М.
| - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
|
Абышов А.А.
| - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары;
|
Осокеев Т.К.
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти;
|
Шамшиев А.А.
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн эксперти;
|
Жумашев С.А.
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктык эмес мекемелерди көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги;
|
Сейткасымова Р.Р.
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын начальниги;
|
Термечиков У.А.
| - «ФГ Компаньон» микрофинансылык компаниясы жабык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Ашимов Т.К.
| - «Бай Түшүм» микрофинансылык агенттиги коомдук фондусунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
|
Шамшиева Г.Ж.
| - «Бай Түшүм жана Өнөктөштөр» микрокредиттик компаниясы жабык акционердик коомунун башкы менеджери (макулдашуу боюнча);
|
Хусанов У.Б.
| - «Фронтиэрс» микрокредиттик компаниясы жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
|
Максытбеков А.
| - «Финка» микрокредиттик компаниясы жабык акционердик коомунун финансылык директору (макулдашуу боюнча);
|
Воробьева Т.Б.
| - «Мол Булак» микрокредиттик компаниясы жоопкерчилиги чектелген коомунун операциялык иштер боюнча директору (макулдашуу боюнча);
|
Төрөбаева Н.А.
| - «Бай Түшүм жана Өнөктөштөр» микрокредиттик компаниясы жабык акционердик коомунун башкы менеджеринин орун басары, жумушчу топтун катчысы (макулдашуу боюнча). |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын 8-сентябрындагы
№ 68-р тескемеси менен
бекитилген
Микрофинансылык сектор менен «АзияУниверсалБанк» ачык акционердик коомунун өз ара милдеттенмелерин
реструктуризациялоо маселелерине карата сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун
Регламенти
1. Микрофинансылык сектор менен «АзияУниверсалБанк» ачык акционердик коомунун өз ара милдеттенмелерин реструктуризациялоо маселелерине карата сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) микрофинансылык сектор менен «АзияУниверсалБанк» ачык акционердик коомунун өз ара милдеттенмелерин реструктуризациялоо маселелери чечилгенге чейинки мезгилге түзүлгөн.
2. Өлкөдөгү микрофинансылык секторду андан ары ырааттуу өнүктүрүү үчүн финансылык рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу максатында сунуштарды иштеп чыгуу жумушчу топтун негизги милдети болуп эсептелет.
3. Жумушчу топтун заседаниеси зарылдыгына жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
4. Эгерде жумушчу топтун мурда болгон заседаниесинде башка жер аныкталбаса, анда жумушчу топтун заседаниесин өткөрүү жери болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын имараты эсептелет (дареги: Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 7).
5. Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн жумушчу топтун заседаниелерине милдеттүү түрдө катышышат.
6. Жумушчу топтун мүчөлөрү анын ишине укук, финансы жана башка маселелер боюнча эксперттерди тартып жана аларды жумушчу топтун заседаниелерине чакыра алышат.
7. Жумушчу топтун катчысы заседаниени өткөрүүнүн күнү, убактысы жана орду жөнүндө жумушчу топтун мүчөлөрүнө маалымдайт.