Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 13-сентябры № 75-р
«2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана жобосун бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 129 токтомуна ылайык, ошондой эле 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын 2010-жылдын 17-августундагы № 8 протоколу менен жол-жоболоштурулган чечимин эске алып:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарына материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсептин каражаттарынан төмөндөгү адамдарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражат бөлсүн:
Абдрахманов Урмат Жакыпбаевичке | - 30,0 (отуз миң) сом өлчөмүндө; |
Беделбаев Кылычбек Орозобековичке | - 10,0 (он миң) сом өлчөмүндө; |
Есенбаев Анарбек Турсуналиевичке | - 30,0 (отуз миң) сом өлчөмүндө; |
Аширалиев Данияр Маннаповичке | - 30,0 (отуз миң) сом өлчөмүндө; |
Чолпонбаев Асылбек Султановичке | - 50,0 (элүү миң) сом өлчөмүндө; |
Тентимишов Каныбек Абдылдаевичке | - 30,0 (отуз миң) сом өлчөмүндө; |
Алимбеков Тынычбек Шаршеналиевичке | - 50,0 (элүү миң) сом өлчөмүндө. |
2. Ушул тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |