Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 15-апрели УӨ № 81
Туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу, ошондой эле 2010-жылдын апрелиндеги окуялардын натыйжасында болуп өткөн тоноочулуктун, талоочулуктун жана тартипсиздиктердин натыйжасында келтирилген зыянга калыс баа берүү жана ишкердикке андан ары колдоо көрсөтүү максатында:
1. Экономикалык зыянды аныктоо жана ишкердикке колдоо көрсөтүү боюнча чараларды көрүү боюнча мамлекеттик комиссия (мындан ары - Мамлекеттик комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары ички иштер органдары жана бизнес-ассоциациялар менен биргелешип жер-жерлердеги экономикалык зыянды аныктоо боюнча жумушчу комиссия түзсүн жана тиешелүү материалдарды бир айлык мөөнөттө Мамлекеттик комиссияга берсин.
Мамлекеттик комиссия бир айдын ичинде берилген материалдардын негизинде тиешелүү чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Ушул тескеме жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
5. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын каржы министри Т.А.Сариевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-апрелиндеги № 81 тескемесине тиркеме |
Т.А.Сариев - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары - каржы министри, ко-
миссиянын Төрагасы;
А.К.Аалиев - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин статс-катчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары;
А.Т. Нишанов - Кыргыз Республикасынын каржы министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын басары;
У.А.Кыдырбаев - Бишкектеги иштиктүү клубдун аткаруучу директору комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Ч.А.Турсунбеков - Кыргызстандын ишкерлер бирлигинин президенти, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Ж.Ж.Мамбеталиева - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
К.Б.Кыдыров - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
А.М.Иманалиев - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары;
Э.К.Калдыбаев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
К.К.Шамканов - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы;
Э.М.Абдыкадыров - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
В.В.Чурсин - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары;
М.А.Исмаилов - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри;
Т.Ж.Абжапаров - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
С.Абдыбалы тегин - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары;
Р.Саматов - Жеңил өнөр жай ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Ж.М.Мажикеев - Кыргызстандагы Кесиптик бирликтер федерациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Т.М.Ким - Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
А.У.Чолпонкулова - америкалык соода палатасынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Б.С.Усубакунова - "Жабыр тарткан ижарачылар коому" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча).