Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 17-апрели УӨ № 138
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 60 Жарлыгына ылайык башталган "Слово Кыргызстана" басма үйүн жоюу процесси токтотулсун.
2. "Слово Кыргызстана" газетасын чыгаруу кайрадан башталсын жана ал Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн юрисдикциясына өткөрүлүп берилсин.
3. Тамара Михайловна Слащева "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директорлугуна - башкы редакторлугуна дайындалсын.
4. Мурда "Слово Кыргызстана плюс" газетасынын редакциясынын балансына өткөрүлүп берилген материалдык-техникалык каражаттар (акча каражаттары, компьютердик жабдуулар, эмеректер) "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн балансына токтоосуз кайтарылып берилсин.
5. Башкы редактор "Слово Кыргызстана" газетасынын редакциясынын жамаатын, анын ичинде мурда жоюлган "Слово Кыргызстана" басма үйүнүн жамаатынын мүчөлөрүнүн ичинен түзсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |