Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 13-сентябры № 78-р
2010-жылдын апрель-июнунда Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарында болгон нөшөр жамгырлардын кесепетинен мамлекеттик суу чарба объекттерине 25,92 млн. сом суммага зыян келтирилген, республика боюнча 62 ирригациялык объект бузулган.
Мамлекеттик суу чарба объекттерин калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтомуна ылайык:
- Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетине өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана 2010-жылдын апрель-июнунда болгон селдердин жана суу каптоолордун кесепетинен бузулган мамлекеттик суу чарба объекттерин калыбына келтирүү үчүн 2010-жылдын III кварталына карата 16,52 млн. сом бөлсүн;
- каражаттын максаттуу арналышы боюнча пайдаланылышына контролду камсыздасын.
2. Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча чара көрсүн жана 2010-жылдын апрель-июнунда болгон селдердин жана суу каптоолордун кесепетинен бузулган мамлекеттик суу чарба объекттерин 2010-жылдын III кварталына карата каралган каражаттарга жараша калыбына келтирүүнү камсыздасын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |