Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 15-сентябры № 81-р
Карыган адамдарга колдоо көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, бейөкүмөт жана коомдук уюмдарды тартуу максатында:
1. 2010-жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейин «Карыган адамдарга көңүл буралы жана камкордук көрөлү» деген бир айлык өткөрүлсүн.
2. «Карыган адамдарга көңүл буралы жана камкордук көрөлү» деген бир айлыкты өткөрүү боюнча иш-чаралардын тиркелген Планы бекитилсин (мындан ары - иш-чаранын Планы).
3. Министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иш-чаралардын бекитилген Планына ылайык чараларды өткөрүүнү камсыз кылсын жана 2010-жылдын 26-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу мамлекеттик агенттигине аткарылган иштер жөнүндө маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасында демөөрчүлүк иштерди аткарып жатышкан юридикалык жана жеке жактарга, эл аралык жана коомдук уюмдарга бир айлыкты өткөрүүгө ар тараптан колдоо көрсөтүү сунуш кылынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясына, облусттук телерадиокомпанияларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына республиканын региондорунда жана Бишкек жана Ош шаарларында бир айлыкты өткөрүүнү чагылдырууну уюштуруу сунуш кылынсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу мамлекеттик агенттиги 2010-жылдын 15-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жалпыланган маалыматты сунуш кылсын.
7. Ушул тескеме жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
8. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-сентябрындагы № 81-р тескемеси менен бекитилген |
№ к/н | Иш-чаралар | Жооптуу аткаруучулар |
1. | Кары адамдардын үйүндө бекер медициналык текшерүүлөрдү жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү өткөрүү | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
2. | Кары адамдар үчүн музейлерге, циркке жана театрларга бекер барууну уюштуруу | Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги |
3. | Кары адамдардын кино-театрларга бекер баруусун уюштуруу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кинематография мамлекеттик агенттиги |
4. | Мамлекеттик социалдык мекемелерде иштешкен жана бул тармактын мурдагы кызматкерлерине туугандары жана жакындары менен телефон аркылуу байланыш кызматтарын бекер көрсөтүү | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги, уюлдук операторлор (макулдашуу боюнча) |
5. | Кары адамдарга укуктук жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү | Министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, эл аралык жана коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча) |
6. | Жалгыз бой кары жарандарга жана үй бүлөлүк жубайларга шефтик жардамдарды уюштуруу | Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), эл аралык жана коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча) |
7. | Пенсионерлерге, жалгыз бой карыган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга зарыл керектүү даректүү колдоо көрсөтүү | Министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), эл аралык жана коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча) |
8. | Коомдук уюмдар тарабынан кары адамдарга колдоо көрсөтүү | Эл аралык жана коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча) |
9. | 2010-жылдын 1-октябрында кары адамдар үчүн лАчык эшик күнүн» өткөрүү | Министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) |
10. | 2010-жылдын 1-октябрында лКары адамдардын эл аралык күнүн» өткөрүү: - кары адамдарды куттуктоо, сыйлоо жана аларга белектерди тапшыруу; - узак жашагандарды (90 жаштан өйдө жашаган кары адамдарды) куттуктоо жана белектерди тапшыруу; - 50 жана андан көп жыл бою чогуу жашашкан жубайларды куттуктоо жана белектерди тапшыруу | Министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), эл аралык жана коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча), бизнес-коомдоштуктар (макулдашуу боюнча) |
11. | Жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары менен кары адамдардын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусун уюштуруу жана өткөрүү | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, кары адамдардын коомдук бирикмелери (макулдашуу боюнча) |
12. | Кары жарандар үчүн үй интернаттарга колдоо көрсөтүү | Министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), эл аралык жана коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча), бизнес-коомдоштуктар (макулдашуу боюнча) |
13. | Үй интернаттарында жашаган кары адамдарга баруу жана куттуктоо | Министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), эл аралык жана коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча), бизнес-коомдоштуктар (макулдашуу боюнча) |
14. | Кыш мезгилине даярданууга кары адамдарга жардам көрсөтүү үчүн жаштардын жана студенттердин арасынан чыккан волонтерлордун баруусун уюштуруу | Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
|
15. | Кары адамдардын проблемасын чагылдыруу боюнча журналисттердин арасында конкурс өткөрүү | Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
16. | «Кары адамдар балдардын көзү менен» деген темада мектепке чейинки, мектеп жана мектептен сырткары мекемелерде сүрөттөрдүн конкурстарын өткөрүү, мыкты номинанттарды сыйлоо | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча), бизнес-коомдоштуктар (макулдашуу боюнча) |
17. | Спорттук иш чараларды уюштуруу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Физкультура жана спорт мамлекеттик агенттиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча) |
18. | Төмөнкү иш чараларды өткөрүү: - лКары адамдардын фотоальбому» деген темада сүрөт көргөзмөсүн; - кары адамдардын жана кыргыз искусствосунун жана эстрадасынын жылдыздарынын катышуусу менен концерттерди | Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча) бизнес-коомдоштуктар (макулдашуу боюнча)
|
19. | Кары адамдар үчүн төмөнкү баа боюнча айыл чарба продуктыларын жана зарыл керектүү товарларды сатуу боюнча жарманкелерди уюштуруу | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча), бизнес-коомдоштуктар (макулдашуу боюнча) |
20. | Кары адамдар даярдаган буюмдарды сатуу боюнча жарманкелерди өткөрүү | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), эл аралык жана коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча), бизнес-коомдоштуктар (макулдашуу боюнча) |
21. | Майрамдык акцияларды (кары адамдар үчүн түшкү тамакты, материалдык жана гуманитардык жардам көрсөтүүлөрдү) өткөрүү | Министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), эл аралык жана коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча), бизнес-коомдоштуктар (макулдашуу боюнча) |
22. | «Кары адамдарга көңүл буралы жана камкордук көрөлү» деген бир айлыктын өтүшүн жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу | Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (макулдашуу боюнча), облусттук телерадиокомпаниялар (макулдашуу боюнча), жалпыга маалымдоо каражаттары (макулдашуу боюнча) |