Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 20-сентябры № 92-б
Кыргыз Республикасынын эл аралык спорттук коомчулуктагы беделин бекемдеген спорттогу жогорку жетишкендиктерге дем берүү максатында:
1. Өспүрүмдөрдүн I Олимпиадалык оюндарынын (Сингапур) жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин бир жолку акчалай сыйлоо төмөнкүдөй белгиленсин:
- биринчи орун үчүн - 10 миң АКШ доллары;
- экинчи орун үчүн - 7 миң АКШ доллары;
- үчүнчү орун үчүн - 5 миң АКШ доллары.
2. Төмөнкүдөй сыйлоолор белгиленсин:
- улук машыктыруучуга - спортсменди сыйлоонун суммасынын 25 проценти өлчөмүндө;
- жеке машыктыруучуга - спортсменди сыйлоонун суммасынын 25 проценти өлчөмүндө.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Өспүрүмдөрдүн I Олимпиадалык оюндарынын (Сингапур) жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин, алардын машыктыруучуларын тиркемеге ылайык сыйлоо үчүн 30 (отуз) миң АКШ долларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 2010-жылдын 24-сентябрына чейинки мөөнөттө бөлсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык, саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-сентябрындагы № 92-р тескемесине тиркеме |
Аты-жөнү | Спорттун түрү | Ээлеген орду | Сыйлоонун суммасы |
Аматов У. | Грек-рим күрөшү | Биринчи орун | 10 миң АКШ доллары |
Мамбетов Р. | Грек-рим күрөшү | Улук машыктыруучу | 2,5 миң АКШ доллары |
Ялома П. | Грек-рим күрөшү | Жеке машыктыруучу | 2,5 миң АКШ доллары |
Сулайманов Ш. | Грек-рим күрөшү | Үчүнчү орун | 5 миң АКШ доллары |
Мамбетов Р. | Грек-рим күрөшү | Улук машыктыруучу | 1,25 миң АКШ доллары |
Өмүрзаков И. | Грек-рим күрөшү | Жеке машыктыруучу | 1,25 миң АКШ доллары |
Токтогонов Б. | Дзюдо | Үчүнчү орун | 5 миң АКШ доллары |
Дүйшөнбеков Т. | Дзюдо | Улук машыктыруучу | 1,25 миң АКШ доллары |
Шаршенов А. | Дзюдо | Жеке машыктыруучу | 1,25 миң АКШ доллары |
Бардыгы: |
|
| 30 миң АКШ доллары |