Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Өкмөтүнүн

2014-жылдын 7-октябрындагы № 447-б буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ)

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2010-жылдын 21-сентябры № 95-р

1. Аба кыймылын тейлөө үчүн жоопкерчиликти өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-декабрындагы № 660-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

Р.Отунбаева