Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 7-октябры № 447-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба кыймылын тейлөө үчүн жоопкерчиликти өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-сентябрындагы № 95-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү мындан ары Тараптар деп аталып,
аба кыймылдарын тейлөө тармагындагы өз ара пайдалуу мамилелерге өбөлгө түзүүгө умтулуу менен,
Тараптардын аба кыймылдарын тейлөө (мындан ары - АКТ) органдарын таануу менен өткөрүлүп берилген аба мейкиндиктеринде аба кыймылдарын тейлөө жоопкерчилигин бири-бирине өз ара өткөрүп берүү жөнүндө ушул Макулдашууну түзүүнү моюнга алуу менен,
аба кыймылын тейлөө боюнча жоопкерчиликти өткөрүп берүү Тараптардын ар биринин өз мамлекетинин аймагындагы аба мейкиндигине болгон толук жана өзгөчө эгемендигин, Тараптардын ар биринин өз мамлекетинин аба мейкиндигинин коопсуздугун жана коргоону камсыздоо боюнча өзгөчө укуктарын кысымга албастыгын таануу менен, аба кыймылдарын тейлөө үчүн жоопкерчиликти өткөрүп берүүнүн укуктук жана уюштуруучулук тартибин аныктоо, учууларды жөнөкөйлөтүү, ошондой эле АКТнын керектүү деңгээлин жана АКТ боюнча кызмат көрсөтүүдө Тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануунун натыйжалуулугун камсыздоо максатында жана
1944-жылдын 7-декабрында Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарында кол коюу үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын жоболорун жетекчиликке алуу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктамалар
Бул Макулдашуунун максаттарына ылайык, эгер башкача эскертүүлөр берилбесе, аталган терминдер төмөндөгүдөй маанилерге ээ болот:
авариялык кабарландыруу, авариялык кабарландыруу кызматы - издөө-куткаруу кызматтарынын жардамына муктаж болгон аба кемелери жөнүндө тиешелүү уюмдарды кабарландыруу үчүн тейлөө жана мындай уюмдарга зарыл болгон жардамдарды көрсөтүү;
мамлекеттик аба кемелери - мамлекеттин аскер, бажы жана укук коргоо кызматтары колдонгон аба кемелери;
өткөрүлүп берилген аба мейкиндиги - бир Тараптын мамлекетинин аймагындагы жана юрисдикциясындагы аба мейкиндигинин бир бөлүгү, андагы аба кыймылын тейлөөгө жоопкерчилик бул Макулдашууга ылайык экинчи Тарапка өткөрүлүп берилген;
өткөрүп берүүчү Тарап - өткөрүлүп берилген аба мейкиндигинде АКТ үчүн жоопкерчиликти башка Тарапка өткөрүп берген Тарап;
ИКАО - Жарандык авиациянын эл аралык уюму;
аба кыймылдарын тейлөө (АКТ) - Тараптардын АКТ органдары тарабынан тиешелүү учурларда көрсөтүлүүчү аба кыймылдарын учуу-маалыматтык тейлөөнү, авариялык кабарландырууну, консультациялык жана диспетчердик тейлөөнү билдирген жалпы термин;
АКТ органы - тиешелүү Тарап дайындаган ыйгарым укуктуу орган, ага ошол Тараптын мамлекетинин аба мейкиндигиндеги АКТ үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн;
кабыл алуучу Тарап - өткөрүлүп берилген аба мейкиндигиндеги жоопкерчиликти алган жана ишке ашырган Тарап;
макулдашуу - ушул Макулдашуу, тиркемелерди, ага карата оңдоолорду жана кошумчаларды кошо алганда;
аймак - мамлекеттин эгемендиги, сюзеренитети, протектораты же мандаты алдындагы кургак аймактар жана аларга жанаша аймактык суулар;
Чикаго конвенциясы - 1944-жылдын 7-декабрында Чикаго шаарында кол коюу үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндөгү конвенция, аталган Конвенциянын 90-беренесине ылайык кабыл алынган ага карата тиркемелерди кошо алганда, ошондой эле бул Конвенцияга жана анын тиркемелерине карата аталган Конвенциянын 90-94-беренелерине ылайык бул тиркемелер жана өзгөртүүлөр Тараптардын мамлекеттери тарабынан күчүнө кирген же ратификацияланган деңгээлде киргизилген кандай гана болбосун өзгөртүүлөр.
2-берене. Өткөрүлүп берилген аба мейкиндиктери
Кыргыз Республикасы өзүнүн аба мейкиндигинин төмөндөгүдөй чектеринде АКТ үчүн жоопкерчиликти Өзбекстан Республикасынын АКТ органына өткөрүп берет:
(1) № 1 өткөрүлүп берилген аба мейкиндиги - вертикалдык тегиздикте 150 (4550 м) учуу эшелонунан 510 (15550 м) учуу эшелонуна чейин жана горизонталдык тегиздикте төмөнкүдөй координаттары бар географиялык чекиттер менен чектелген:
- Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек ара сызыгы боюнча 42-градус 1,7 минута түндүк кеңдиги жана 70-градус 56,1 минута чыгыш узундугу;
- 41 градус 18,6 минута түндүк кеңдиги жана 71 градус 28,6 минута чыгыш узундугу;
- 41 градус 35,1 минута түндүк кеңдиги жана 71 градус 4,0 минута чыгыш узундугу;
- 42 градус 0,0 минута түндүк кеңдиги жана 70 градус 56,0 минута чыгыш узундугу;
- 42 градус 1,7 минута түндүк кеңдиги 70 градус 56,1 минута чыгыш узундугу.
(2) № 2 өткөрүлүп берилген аба мейкиндиги - вертикалдык тегиздикте жер бетинен 510 (15550 м) учуу эшелонуна чейин жана горизонталдык тегиздикте төмөнкүдөй координаттары бар географиялык чекиттер менен чектелген:
- Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек ара сызыгы боюнча 40 градус 32,4 минута түндүк кеңдиги жана 72 градус 32,6 минута чыгыш узундугу;
- 40 градус 27,8 минута түндүк кеңдиги жана 72 градус 26,1 минута чыгыш узундугу;
- 40 градус 31,0 минута түндүк кеңдиги жана 72 градус 32,0 минута чыгыш узундугу;
- 40 градус 32,4 минута түндүк кеңдиги жана 72 градус 32,6 минута чыгыш узундугу.
(3) № 3 өткөрүлүп берилген аба мейкиндиги - вертикалдык тегиздикте жер бетинен 510 (15550 м) учуу эшелонуна чейин жана горизонталдык тегиздикте төмөнкүдөй координаттары бар географиялык чекиттер менен чектелген:
- Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек ара сызыгы боюнча 40 градус 25,3 минута түндүк кеңдиги жана 72 градус 21,5 минута чыгыш узундугу;
- 40 градус 11,4 минута түндүк кеңдиги жана 71 градус 49,5 минута чыгыш узундугу;
- 40 градус 12,0 минута түндүк кеңдиги жана 71 градус 57,0 минута чыгыш узундугу;
- 40 градус 25,3 минута түндүк кеңдиги жана 72 градус 21,5 минута чыгыш узундугу.
(4) № 4 өкүлчүлүккө берилген аба мейкиндиги - вертикалдык тегиздикте жер бетинен 510 (15550 м) учуу эшелонуна чейин жана горизонталдык тегиздикте төмөнкүдөй координаттары бар географиялык чекиттер менен чектелген:
- Кыргыз Республикасынын чек ара сызыгы боюнча 40 градус 10,9 минута түндүк кеңдиги жана 71 градус 42,1 минута чыгыш узундугу;
- 40 градус 5,9 минута түндүк кеңдиги жана 70 градус 46,7 минута чыгыш узундугу;
- 40 градус 6,7 минута түндүк кеңдиги жана 71 градус 1,1 минута чыгыш узундугу Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чек ара сызыктары боюнча;
- 40 градус 8,0 минута түндүк кеңдиги жана 71 градус 5,6 минута чыгыш узундугу;
- 40 градус 10,9 минута түндүк кеңдиги жана 71 градус 42,1 минута чыгыш узундугу.
(5) № 5 өткөрүлүп берилген аба мейкиндиги - вертикалдык тегиздикте 200 (6100 м) учуу эшелонунан 510 (15550 м) учуу эшелонуна чейин жана горизонталдык тегиздикте төмөнкүдөй координаттары бар географиялык чекиттер менен чектелген:
- Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек ара сызыгы боюнча 39 градус 57,4 минута түндүк кеңдиги жана 70 градус 35,9 минута чыгыш узундугу;
- 39 градус 33,9 минута түндүк кеңдиги жана 70 градус 11,6 минута чыгыш узундугу;
- 39 градус 40,0 минута түндүк кеңдиги жана 70 градус 47,0 минута чыгыш узундугу;
- 39 градус 57,4 минута түндүк кеңдиги жана 70 градус 35,9 минута чыгыш узундугу.
Өзбекстан Республикасы төмөнкүдөй географиялык координаттар жана деңиз деңгээлинен бийиктиктер менен чектелген өзүнүн аба мейкиндигинин төмөндөгүдөй чектеринде АКТ үчүн жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын АКТ органына өткөрүп берет:
(1) № 1 өткөрүлүп берилген аба мейкиндиги - вертикалдык тегиздикте жер бетинен 400 (12200 м) учуу эшелонуна чейин жана горизонталдык тегиздикте төмөнкүдөй координаттары бар географиялык чекиттер менен чектелген:
- Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара сызыгы боюнча 42 градус 15,8 минута түндүк кеңдиги жана 70 градус 56,7 минута чыгыш узундугу;
- 42 градус 1,7 минута түндүк кеңдиги жана 70 градус 56,1 минута чыгыш узундугу;
- 42 градус 15,8 минута түндүк кеңдиги жана 70 градус 56,7 минута чыгыш узундугу.
(2) № 2 өткөрүлүп берилген аба мейкиндиги - вертикалдык тегиздикте жер бетинен 400 (12200 м) учуу эшелонуна чейин жана горизонталдык тегиздикте төмөнкүдөй координаттары бар географиялык чекиттер менен чектелген:
- Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара сызыгы боюнча 41 градус 18,6 минута түндүк кеңдиги жана 71 градус 28,6 минута чыгыш узундугу;
- 41 градус 11,0 минута түндүк кеңдиги жана 71 градус 53,0 минута чыгыш узундугу;
- 41 градус 15,0 минута түндүк кеңдиги жана 71 градус 34,0 минута чыгыш узундугу;
- 41 градус 18,6 минута түндүк кеңдиги жана 71 градус 28,6 минута чыгыш узундугу.
(3) № 3 өткөрүлүп берилген аба мейкиндиги - вертикалдык тегиздикте жер бетинен 400 (12200 м) учуу эшелонуна чейин жана горизонталдык тегиздикте төмөнкүдөй координаттары бар географиялык чекиттер менен чектелген:
- Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара сызыгы боюнча 41 градус 8,5 минута түндүк кеңдиги жана 72 градус 5,0 минута чыгыш узундугу;
- 41 градус 2,1 минута түндүк кеңдиги жана 72 градус 13,0 минута чыгыш узундугу;
- 41 градус 8,0 минута түндүк кеңдиги жана 72 градус 7,0 минута чыгыш узундугу;
- 41 градус 8,5 минута түндүк кеңдиги жана 72 градус 5,0 минута чыгыш узундугу.
(4) № 4 өткөрүлүп берилген аба мейкиндиги - вертикалдык тегиздикте жер бетинен 400 (12200 м) учуу эшелонуна чейин жана горизонталдык тегиздикте төмөнкүдөй координаттары бар географиялык чекиттер менен чектелген:
- Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара сызыгы боюнча 41 градус 0,7 минута түндүк кеңдиги жана 72 градус 14,3 минута чыгыш узундугу;
- 40 градус 32,4 минута түндүк кеңдиги жана 72 градус 32,6 минута чыгыш узундугу;
- 40 градус 40,0 минута түндүк кеңдиги жана 72 градус 35,0 минута чыгыш узундугу;
- 41 градус 0,7 минута түндүк кеңдиги жана 72 градус 14,3 минута чыгыш узундугу.
(5) № 5 өткөрүлүп берилген аба мейкиндиги - вертикалдык тегиздикте жер бетинен 400 (12200 м) учуу эшелонуна чейин жана горизонталдык тегиздикте төмөнкүдөй координаттары бар географиялык чекиттер менен чектелген:
- 40 градус 27,8 минута түндүк кеңдиги жана 26,1 минута чыгыш узундугу Өзбекстан Республикасы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларынын сызыктары боюнча;
- 40 градус 25,3 минута түндүк кеңдиги жана 72 градус 21,5 минута чыгыш узундугу:
- 40 градус 27,8 минута түндүк кеңдиги жана 72 градус 26,1 минута чыгыш узундугу.
(6) № 6 өткөрүлүп берилген аба мейкиндиги - вертикалдык тегиздикте жер бетинен 400 (12200 м) учуу эшелонуна чейин жана горизонталдык тегиздикте төмөнкүдөй координаттары бар географиялык чекиттер менен чектелген:
- Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара сызыгы боюнча 40 градус 11,4 минута түндүк кеңдиги жана 71 градус 49,5 минута чыгыш узундугу;
- 40 градус 10,9 минута түндүк кеңдиги жана 71 градус 42,1 минута чыгыш узундугу;
- 40 градус 11,4 минута түндүк кеңдиги жана 71 градус 49,5 минута чыгыш узундугу.
(7) № 7 өткөрүлүп берилген аба мейкиндиги - вертикалдык тегиздикте жер бетинен 400 (12200 м) учуу эшелонуна чейин жана горизонталдык тегиздикте төмөнкүдөй координаттары бар географиялык чекиттер менен чектелген:
- Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара сызыгы боюнча 40 градус 8,0 минута түндүк кеңдиги жана 71 градус 5,6 минута чыгыш узундугу;
- 40 градус 6,7 минута түндүк кеңдиги жана 71 градус 1,1 минута чыгыш узундугу;
- 40 градус 8,0 минута түндүк кеңдиги жана 71 градус 5,6 минута чыгыш узундугу.
Өткөрүлүп берилген аба мейкиндиктеринин схемасы ушул Макулдашууга тиркелет.
3-берене. АКТ органдарынын ортосунда ишти координациялоо жана маалымат алмашуу
Бир Тараптын АКТ органы башка Тараптын АКТ органынын суроо-талабы боюнча ушул Макулдашуунун чегинде өткөрүлүп берилген аба мейкиндигинде АКТны жүзөгө ашыруу жана бул аба мейкиндигин пайдалануу үчүн зарыл болгон бардык маалыматты экинчи АКТ органына берет.
Тараптардын АКТ органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн жана ишин координациялоонун тартиби күтүлбөгөн жагдайлардагы иш-аракеттерди кошо алганда, Тараптардын АКТ органдары түзгөн келишимдерде же ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болгон, бул органдар тарабынан макулдашылган документте эскертилет.
4-берене. Эрежелерди колдонуу
АКТ жана өткөрүлүп берилген аба мейкиндигинде аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берүү ушул Макулдашууда же аталган Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болгон башка документте эскертилген Кабыл алуучу Тараптын эрежелерине жана Өткөрүп берүүчү Тараптын шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Тараптардын ар бири өздөрүнө өткөрүлүп берилген аба мейкиндигин пайдаланууга тыюу салууга же чектөө киргизүүгө укуктуу. Тараптар мындай укуктарды негизделбеген зарылчылыкка колдонбоого, ошондой эле учуулардын коопсуздугуна, үзгүлтүксүздүгүнө жана натыйжалуулугуна зыян келбегидей колдонууга болгон аракеттерин жумшашат.
5-берене. Чыгымдар
Өткөрүлүп берилген аба мейкиндигиндеги АКТны жүзөгө ашырууга байланышкан бардык чыгымдарды эгерде Тараптар түзгөн өзүнчө макулдашууда же ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болгон башка документте башкача эскертүүлөр болбосо, анда Кабыл алуучу тарап тартат. Өткөрүлүп берилген аба мейкиндигиндеги учууларга аэронавигациялык кызмат көрсөтүү үчүн жыйымдарды алууну Кабыл алуучу тараптын АКТ органы Кабыл алуучу тарап белгилеген тартипте жана өлчөмдө ишке ашырат.
6-берене. Жоопкерчилик
Кабыл алуучу тарап өзүнүн АКТ органынын күнөөсү менен келтирилген зыяндын бардыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Өткөрүлүп берилген аба мейкиндигинде Кабыл алуучу тараптын АКТны ишке ашыруу учурунда Өткөрүп берген Тарапка келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү Кабыл алуучу тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык аныкталат.
7-берене. Мамлекеттик аба кемелеринин учуулары
Тараптардын бирине да тиешелүү болбогон аба кемелеринин Тараптардын аба мейкиндигинде учуулары Тарап аркылуу берилген атайын уруксат кагазы болсо, мамлекеттин мындай учуулар ишке ашырылуучу аба мейкиндигинин чегинде аткарылат. Мындай уруксат берүүлөр башка Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жиберилет.
Өткөрүлүп берилген аба мейкиндигиндеги бир Тараптын мамлекеттик аба кемелеринин учуулары аба мейкиндигинде аба кыймылын тейлөөгө жоопкерчилик берген Тараптын уруксаты болсо, мындай учуулар жүзөгө ашырылуучу чектерде аткарылат. Мындай уруксат экинчи Тараптын АКТ органын кабарландыруу жолу менен берилет, ал АФТН, СИДИН сыяктуу авиациялык белгиленген электр байланышынын каражаттарын же ТЕЛЕКС, ТЕЛЕФАКС сыяктуу башка байланыш каражаттарын колдонуу менен жиберилет.
8-берене. Авариялык кабар берүү
Өткөрүлүп берилген аба мейкиндигинде болгон кайсы гана окуя жөнүндө болбосун авариялык кабар берүүнүн зарылчылыгы келип чыккан учурда бул өткөрүлүп берилген аба мейкиндигинде АКТ үчүн жооптуу Тараптын АКТ органы Өткөрүп берген Тараптын АКТ органына белгиленген тартипте авариялык кабар берет.
9-берене. Аэронавигациялык маалыматты жарыялоо
Өзүнө өткөрүлүп берилген аба мейкиндигине тиешелүү аэронавигациялык маалыматты басып чыгарууга жана жарыялоого Тараптардын ар бири жоопкерчилик тартат.
10-берене. Оңдоолор жана толуктоолор
Бул Макулдашууга киргизилген кандай гана оңдоолор жана/же толуктоолор болбосун бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болгон тиешелүү протоколго кол коюу жолу менен киргизилет.
11-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
Бул Макулдашуунун жоболорун колдонууда же чечмелөөдө пайда болуучу талаш-тартыштар жана кайчы пикирлер Тараптардын эки тараптуу консультациялары жана сүйлөшүүлөрү аркылуу чечилет.
12-берене. Макулдашууну каттоо
Бул Макулдашуу ИКАО Кеңешинде Чикаго Конвенциясынын 83-беренесинин жоболоруна ылайык катталат.
13-берене. Корутунду жоболор
Ушул Макулдашуу, ошондой эле ага киргизилген оңдоолор жана толуктоолор анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын ар биринин аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоону экинчи Тараптан алган күндөн баштап күчүнө кирет.
Бардык макулдашуулар жана аба кыймылын тейлөөгө карата Тараптар кол койгон жана бул Макулдашуу күчүнө кирген учурда иштеп турган башка документтер келишимди бузганга, жокко чыгарганга же аталган макулдашуулар же документтер бул Макулдашууга каршы келбегендей деңгээлде Тараптар аларга өзгөртүү киргизгенге чейин колдонулат.
Тараптардын ар бири экинчи Тарапка өзүнүн иш-аракеттерин токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү менен бул Макулдашуунун колдонулушун токтото алат.
Бул Макулдашуунун иш-аракети тиешелүү Тараптан жазуу жүзүндө билдирүү алган күндөн алты ай өткөндөн кийин токтотулат.
_____________ шаарында, 20__-жылдын "__" ___________ эки нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилинде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашууну чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба кыймылын тейлөө үчүн жоопкерчиликти өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга тиркеме |