Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июну № 122
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Аймактык шайлоо комиссиялардын "Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү" 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
4. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 29-июнундагы № 122 токтомунун 1-тиркемеси |
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Тогуз-Торо району | ||||
1 | Көк-Ирим айылдык | Эпеев Кадырбек Молдожумаевич | Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 71, 11.04.2016-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
2 | Военно-Антоновка айылдык | Никонова Юлия Александровна | Өз арызы | № 157, 15.12.2012-ж. |
3 | Күн-Туу айылдык | Осмоналиев Кайрат Медербекович | Өз арызы | |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
4 | Баетов айылдык | Турусбеков Талантбек Амангазиевич | Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган | № 69, 11.04.2016-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
5 | Төлөйкөн айылдык | Мирзаев Сухбатила Нематович | Өз арызы | № 115, 26.09.2016-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
6 | Түп айылдык | Айбалиев Болот Касенович | Өз арызы | № 153, 15.12.2012-ж. |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 29-июнундагы № 122 токтомунун 2-тиркемеси |
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. | Ээлеген кызматы, кызмат орду | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Тогуз-Торо району | ||||
1 | Көк-Ирим айылдык | Жумабаев Калманбет Бегалиевич | Арал, Бирдик айылдарынын жайыт жайлоочулар бирикмесинин жетекчиси | № 19/1, 17.06.2016-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
2 | Военно-Антоновка айылдык | Султанкулов Нарынбек Токтогонович | "Манчад" айыл чарба кооперативи, төрага | № 9, 10.06.2016-ж. |
3 | Күн-Туу айылдык | Бегалиев Тилек Кубатбекович | Күн-Туу айылы, жайыт комитети, төрага | № 10, 10.06.2016-ж. |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
4 | Баетов айылдык | Карасартов Элдияр Жанышбекович | Дыйкан чарба, мүчө | № 17, 16.06.2016-ж. |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
5 | Төлөйкөн айылдык | Курбанов Бободжон Абдулхаевич | Убактылуу иштебейт | № 43, 22.06.2016-ж. |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
6 | Түп айылдык | Джунушалиев Майрамбек Джайчиевич | Фермер | № 4, 22.06.2016-ж. |