Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2011-жылдын 13-январы № 7-б
1. Америка Кошмо Штаттарынын Афганистан Республикасындагы Куралдуу Күчтөрүнүн керектөөсү үчүн Кыргыз Республикасынын азык-түлүк жана өнөр жайлык товарларын сатып алуу мүмкүндүгүн кароо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ америка тараптын сатып алышы үчүн Кыргыз Республикасынын азык-түлүк жана өнөр жайлык товарларынын тизмесин жана товар берүүчүлөрдү 2011-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө аныктасын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине тапшырылсын.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директорунун орун басары;
«Кыргызресурстары» мамлекеттик ишканасынын директору;
«Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы» ачык акционердик коомунун директору.