Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 7-июну УӨ № 430
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 Жарлыгына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, сактоо жана сатуу боюнча мамлекеттик агенттикти жоюу боюнча комиссия (мындан ары - жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, сактоо жана сатуу боюнча мамлекеттик агенттикти жоюунун жол-жоболорун аяктоо үчүн жоюу комиссиясынын төрагасына биринчи кол коюу укугу берилсин.
3. Жоюу комиссиясы эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 96-99-беренелеринде, ошондой эле «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31, 47-беренелеринде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 86, 87-беренелеринде каралган чараларды көрсүн, ошол эле учурда төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзсүн:
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, сактоо жана сатуу боюнча мамлекеттик агенттигинин мүлкүн эсепке алууну жана баалоону, алар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги аркылуу Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин алдындагы Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик инспекцияга берилүүгө тийиш;
- ведомстволук архивдеги документтерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, сактоо жана сатуу боюнча мамлекеттик агенттиктин өндүрүшүндө болгон документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик архивге өткөрүп берүүнү.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-июнундагы УӨ № 430 тескемесине тиркеме |
Дуйшеев Н.А. | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин милдетин аткаруучу, комиссиянын төрагасы.
|
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кудайбергенов З.Ч. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрли- гинин укуктук камсыздоо жана айыл чарба ишка- наларын кайра уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;
|
Курманкулов А.Б. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрли- гинин бюджетти мониторингдөө жана аткаруу бөлүмүнүн башчысы;
|
Жумалиев К.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрли- гинин ички башкаруу аудити бөлүмүнүн башчысы;
|
Андашева Н.Д. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кыз- матынын мамлекеттик кызматтагы мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин ат- каруучу;
|
Топоева А.С. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк ми- нистрлигинин Мүлктүк мамилелер департаменти- нин өнөр жай объекттерин менчиктештирүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
|
Назаров Э.А. | - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдын- дагы Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, сактоо жана сатуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу;
|
Бакай кызы Ж. | - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдын- дагы Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүү, сактоо жана сатуу боюнча мамлекеттик агенттиктин эсептөө жана отчеттуулук сектору- нун башчысы - башкы бухгалтер;
|
Бокешов Т.Т. | - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү конт- ролдоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын ди- ректорунун орун басары.
|