Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 14-июну УӨ № 461
2010-жылдын 24-апрелинде Өзбекстан Республикасынан келген гуманитардык жүктү бөлүштүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып:
1. 2010-жылдын 24-апрелинде Өзбекстан Республикасынан келген гуманитардык жүктүн алуучусу болуп Ош облусунун мамлекеттик администрациясы аныкталсын.
2. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы:
- медициналык жабдуулар, дары-дармек каражаттары жана медициналык арналыштагы буюмдар түрүндөгү гуманитардык жүктү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тизмесине ылайык бөлүштүрсүн;
- товардык-материалдык баалуулуктар түрүндөгү гуманитардык жүктү ушул тескеменин тиркемесине ылайык бөлүштүрсүн;
- гуманитардык жүктү эсепке алууну, отчетту жана оперативдүү бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги транспорттук кызмат көрсөтүү боюнча баштапкы документтерге ылайык Өзбекстан Республикасынан келген гуманитардык жүктү жеткирүү менен байланышкан чыгымдарга төлөө үчүн каражаттарды тапсын.
4. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы жүк алуучуну баруучу станцияда вагондордун токтогондугу үчүн жыйымдардан жана айыптык санкциялардан бошотуу мүмкүндүгүн караштырсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-июнундагы УӨ № 461 тескемесине тиркеме |
№
| Жүктүн аталышы
| Өлчөө бирдиги
| Саны
| Бөлүштүрүү | ||
Ош облусу
| Жалал-Абад облусу
| Кыргыз Республика- сынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | ||||
1 | Шифер | даана | 2400 | - | - | 2400 |
2 | Цемент | кг | 150000 | 100000 | 50000 | - |
3
| Минералдык жер семирткичтер | кг
| 196200
| 96200
| 100000
| -
|
4 | Дизель отуну | кг | 19158 | 19158 | - | - |
5 | Буудай уну | кг | 29925 | 29925 | - | - |
6
| Трикотаж буюму (балдардын кийимдери) | компл.
| 2000
| 2000
| -
| -
|