Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2011-жылдын 26-июлундагы № 703-б буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

 2010-жылдын 15-июну № 468

Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу Мамлекеттик башкаруудагы түзүмдүк өзгөртүүлөр үчүн кредиттин (GSAC) жана Мамлекеттик башкаруудагы техникалык жардамга кредиттин (GTАС) натыйжалуу ишке ашырылышын камсыздоо максатында:

1. Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу Мамлекеттик башкаруудагы түзүмдүк өзгөртүүлөр үчүн кредитти (GBАС) жана Мамлекеттик башкаруудагы техникалык жардамга кредитти (GТАС) даярдоо жана ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары ушул тескемеге каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.

3. Бул тескеме кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылууу Өкмөтүнүн

Төрагасы

 

 

Р.Отунбаева

 

 

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-июнундагы № 468 тескемесине тиркеме

 

Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу Мамлекеттик башкаруудагы түзүмдүк өзгөртүүлөр үчүн кредитти (GBАС) жана

Мамлекеттик башкаруудагы техникалык жардамга кредитти (GТАС)

даярдоо жана ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин курамы

 

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси, Координациялык кеңештин төрагасы;

 

Координациялык кеңештин мүчөлөрү:

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары,

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

GТАС долбоорун ишке ашыруу тобунун менеджери, Координациялык кеңештин аткаруучу секретары.